№27 кесиптик-техникалык лицейде “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” каражаттарынын эсебинен ремонттолгон жана жабдылган эки окуу классынын ачылыш аземи болду

№27 кесиптик-техникалык лицейде “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” каражаттарынын эсебинен ремонттолгон жана жабдылган эки окуу классынын ачылыш аземи болду

Жарыяланган: 13 September 2012

№27 кесиптик-техникалык лицейде “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” каражаттарынын эсебинен ремонттолгон жана жабдылган эки окуу классынын ачылыш аземи болду Бүгүн, 2012-жылдын 13-сентябрында, борбордогу №27 кесиптик-техникалык лицейде ремонттолуп, лаборатордук-практикалык аудитория катарында жабдылган эки окуу классынын ачылыш аземи болду. Иш чарага “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” жетекчилиги катышты. Быйылкы жылы Компания аудиториялардын ремонтун жана эмерек сатып алууну гана финансылабастан, ошондой эле студенттердин тобунун окуусуна акы төлөөнү да улантты.

Ысык-Көл областынын мектептеринин бүтүрүүчүлөрүн борбордогу кесиптик лицейлерде окутуу пилоттук программасы 12 жыл мурда башталган. 2006-жылы ал Ысык-Көл областынын жашоочулары үчүн Регионалдык стипендиялар программасына кайра түзүлгөн, анын максаты – элет жаштарына өлкөдө керек болуп турган адистиктерди алууга жардам көрсөтүү. №27 кесиптик-техникалык лицейде кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгү эми Жети-Өгүз районунун да, ошондой эле Тоң районунун жана Балыкчы шаарынын да жашоочуларына берилүүдө. Мында артыкчылык жакшы жетишкен жана кесиптик билим алууну каалаган көп балалуу, муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына жана жетим балдарга берилет. Стипендиаттардын үч жылдык окутууга, жашоого жана тамактанууга кетүүчү бардык чыгымдарын “Кумтөр Оперейтинг Компани” өзүнө алат. Компания айлык стипендияларды да төлөп берет. Үч жыл аралыгында балдар оор жүк ташуучу жана жеңил автомобилдердин ремонту боюнча слесарь, автоэлектрик адистиктерин өздөштүрүшөт. Алар ширетүү иштеринин негиздерине да үйрөнүшөт. Студенттер лицейде алышкан көндүмдөрүн “Кумтөр” кен ишканасындагы практика убагында бекемдеше тургандыгын да белгилеп коелу.

Жалпысынан 2000-жылдан бери компаниянын эсебинен кесиптик билимди Ысык-Көл областынан 80дей бала алган. Быйылкы окуу жылында №27 лицейде техникалык билим алуу мүмкүнчүлүгүн 6 бала алды. Дагы 15 бала 2-курста жана 11 бала 3-курста окуусун улантууда. Мыкты бүтүрүүчүлөр “Кумтөр” кен ишканасында иштөө мүмкүнчүлүгүн алышмакчы.

“Кумтөр” биз үчүн алдынкы технологиялары жана адистер үчүн жогорку талаптары бар өндүрүштүн үлгүсү, иш берүүчү менен окуу жайынын өз ара аракеттенүүсүнүн мисалы болуп саналат, – дейт №27 лицейдин директору Игорь Маньковский. – Биз окутуу программасын да “Кумтөрдүн” стандарттарына ыңгайлаштырабыз. Биздин лицей – Түштүк Альбертанын Техникалык институту тарабынан берилген заманбап канадалык методикалардын негизинде атайын курс иштелип чыккан КМШдагы жалгыз окуу жайы. Өз адистиктеринде иштин алдыңкы методдорун билишкен биздин бүтүрүүчүлөр эмгек рыногунда суроо-талапка ээ”.

Студенттер техника менен иштөөнүн көндүмдөрүн алуу, аларды тейлөөнү жана ремонттоону үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушу үчүн “Кумтөр Оперейтинг Компани” мурда лицейге автомобилдин макетин, кыймылдаткычтарды жана запастык бөлүктөрдү, ошондой эле эсептен чыгарылган КрАЗ, КамАЗ, “Форд” жана “Форд Вэн” автомашиналарын белекке берген.

“Долбоордун башкы максаты – элет жаштарына өлкөдө суроо-талапка ээ болгон адистиктерди алуусуна жардам көрсөтүү. Биздин өз ара пайдалуу кызматташуубуз иш берүүчү менен окуу жайдын өз ара аракеттенүүсүнүн оң мисалы болуп саналат. Лицейдин бүтүрүүчүлөрү “Кумтөрдө” эле эмес, Кыргызстандын квалификациялуу адистердин жетишсиздигин баштан кечирип жаткан башка да ишканаларында керек боло тургандыгына ишенем. “Кумтөр Оперейтинг Компани”, кадрларды кесиптик даярдоо системасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен, мындан ары да бул маселеге өзгөчө көңүл бөлмөкчү”, – деп баса белгиледи “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” президенти Майкл Фишер.