Болочок балчылар үчүн тренинг

Болочок балчылар үчүн тренинг

Жарыяланган: 02 February 2012

Региональный Информационный Центр «Кумтор Оперейтинг Компани»2012-жылдын 27-январында Европа Реконструкция жана Өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ)  эксперттери жана Ысык-Көл областынын Аарычылар коому Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун кызыкдар жашоочулары үчүн балчылык боюнча тренинг өткөрүштү. Тренинг “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы Регионалдык маалымат борборунда болуп өттү.

Теманын тандалышы кокусунан эмес. Эки ай аралыгында Регионалдык борбордун кызматкерлери жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрүшкөн. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө региондун жашоочулары балчылык боюнча консультацияларды алууга жана окутууга өзгөчө кызыкчылык көрсөтүштү.

Тренингдин жүрүшүндө отуздан ашуун болочок ишкерлер республикадагы балчылыктын өнүгүү тенденциялары, таралуу географиясы жана ишмердүүлүктүн мындай түрүнүн экономикалык аспектилери жөнүндө кызыгуу менен таанышышты. Катышуучуларга ар кайсы өлкөлөрдөгү балчылык чарбасын жүргүзүү жөнүндө  фильм көрсөтүлдү, андан бал челектерин уюштуруунун нюанстары жана аарылардын ооруларын алдын алуу жөнүндө да билишти.

Бул тренинг Европа Реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан өткөрүлүп жаткан региондун экономикалык потенциалын жакшыртуу жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун түзүү боюнча пландаштырылган иш чаралардын биринчиси болуп саналат. “Кумтөр Оперейтинг Компани” мындай тренингдерди өткөрүүгө мындан ары да көмөктөшмөкчү, себеби ЕРӨБдүн жана КОКтун региондун экономикалык потенциалын өнүктүрүү боюнча максаттары дал келет.

Балчылык Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда чоң экономикалык перспективаларга ээ. Эксперттердин пикирлери боюнча, областтагы жагымдуу климаттык шарттардан, жайыттардын санынын көптүгүнөн жана өсүмдүктөргө бай экендигинен улам балчылык өтө пайдалуу.

«Бүгүнкү тренингден кийин катышуучуларда сөзсүз көптөгөн суроолор пайда болот, алардын айрымдарына кошумча консультациялар керек болот. Биздин Коом жаңыдан баштап келе жаткан балчыларга жардам берүүгө дайым даяр», – деп билдирди Ысык-Көл областынын Балчылар коомунун төрагасынын орун басары  Алексей Пушкарных.

ЕРӨБдүн адистери жана Ишкер консультацияларды колдоо программасынын  (BAS) алкактарында тартылган адистер Ысык-КӨл областында туруктуу өнүктүрүүнүн жана кичи бизнестин долбоорлорун өнүктүрүүгө арналган бир катар тренингдерди өткөрмөкчү.  Программа ошондой эле өздөрүнүн кичи бизнестеринин калыптануусуна кызыкдар жергиликтүү жашоочулар үчүн мындан аркы кызматташууну, колдоону жана консультацияларды берүүнү да карайт.

“Мындай семинарлар дагы жетишерлик көп болмокчу. Биз үчүн башкы максат – адамдарды өз алдынча бизнес менен алектенгенге үйрөтүү. Биздин регионалдык борбор калкты компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдоо үчүн гана курулган эмес. Биз жергиликтүү жашоочулар кичи жана орто бизнести өнүктүрүшү үчүн өбөлгө түзгөн ар кандай демилгени колдоого даярбыз. Мында иш орундарын түзүүгө жөндөмдүү ар кандай идеялар колдоого алынат. “Кумтөр” региондо ишкердикти өнүктүрүүгө дайыма даяр”,- деп белгиледи “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” регион менен байланыштар боюнча менеджери Керим Шатманов.

ЕРӨБ элет жашоочуларына өздөрүнүн иштерин – балык чарбасын уюштуруудан эко-туризмди өнүктүрүүгө чейин уюштурууга жардам бере ала турган бир катар тренингдерди өткөрүүнү пландаштырууда. Жакынкы жарым жылда Регионалдык маалымат борборунда жети окутуу семинарын өткөрүү пландаштырылган. Семинарлардын алдын ала пландары жєнїндє бул жерден таанышууга болот.

Маалымат үчүн:

Европа Реконструкция жана Өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) эл аралык финансы уюму болуп саналат, ал Европадан Борбордук Азияга чейин 29 өлкөдө долбоорлорду финансылайт. Жеке секторго, баарыдан мурда жеке сектордун муктаждыктары рыноктун эсебинен толук өлчөмдө канааттандырыла албай турган ишканаларына капитал салуу менен  Банк ишкердикти өнүктүрүүгө жана ачык жана демократиялык рыноктук экономикага өтүүгө көмөк көрсөтөт.

ЕРӨБдүн Бизнес үчүн консультациялар программасы (BAS) жергиликтүү консультанттарды тартуу менен алардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында микро-, кичи жана орто бизнестин ишкерлери менен иштейт. BAS жергиликтүү консультанттарды тез актоочу белгилүү бир тар адистешкен долбоорлорго тартуу боюнча ишканаларга көмөк көрсөтөт. BAS ошондой эле ЕРӨБ өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн өлкөлөрдө жергиликтүү консалтинг кызматтарын өнүктүрүүнү тездетүү максатында рынокту өнүктүрүү боюнча ишмердүүлүктү да жүзөгө ашырат.. BAS программасы Швейцариянын өкмөтү тарабынан финансыланат.