Балыкчы шаарында бала бакча менен мектепке демөөрчүлүк жардам көрсөтүлдү

Балыкчы шаарында бала бакча менен мектепке демөөрчүлүк жардам көрсөтүлдү

Жарыяланган: 26 November 2014

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында даңазалуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүрү жана чыгармачылыгына арналган чакан музей ачылды. Саамалык манасчынын 120 жылдык мааракесине арналган. «Кумтөр» компаниясы музейге керектүү жабдууларды сатып алуу менен орнотууну каржылады.

Музей манасчынын ысымын алып жүргөн №6 мектеп-лицейде жайгашкан. Быйыл музейде ачык сабактар өтүп, анда балыкчылык окуучуларга манасчынын өмүрү жана эпостун түптөлүшүнө кошкон салымы тууралуу айтылган. Музей эшиктери бардык кызыккан шаардын тургундар менен меймандары үчүн ачык.

«Музейди уюштуруу идеясын эки жыл ойлондук. Бөлмөсүн даярдап, экпонаттар маселесин чечип жаттык. Жабдуулар болсо «Кумтөр» компаниясы каржылаган долбоордун алкагында сатып алынды», – деп окуу жайдын директору Канчайым Абдыкеримова билдирди.

Жаңы оюн аянтчалары, эмерек жана тиричилик техникасы «Кумтөр» компаниясынын каржылык колдоосу менен Балыкчы шаарындагы «Максат» бала бакчасы үчүн сатып алынып, орнотулду. Бардыгы 20 эки кабатту керебет, 6 оюн шкафтары, 8 беш эшиктүү кийим шкаф, сүлгү үчүн шкафтар, 120 табурет, 6 скамейка жана муздаткыч. Бул бөбөктөрдүн жайлуулугун арттырып, балдар орундарын көбөйтүүгө шарт түздү. Андан сырткары эми балдар сыртка ойногону көңүлдөнүп барып калышты – бала бакчанын короосунда компаниянын жардамы менен үч жаңы оюн аянтча пайда болду.