КГКнын бургулоо шайманында иш жүргүзүү үчүн тийиштүү кызматкерлери бар бөдрөтчү ишканалар чакырылат.

КГКнын бургулоо шайманында иш жүргүзүү үчүн тийиштүү кызматкерлери бар бөдрөтчү ишканалар чакырылат.

Жарыяланган: 27 April 2018

БОШ ОРУН ЖАБЫЛГАН

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАКу (КГК), 2018-жылдын геологиялык чалгындоо программасынын алкагында, квалификациялуу кызматкерлери бар, бургулоо иштерин жүргүзүүгө жана кызмат көрсөтүүгө укугу бар ишканалардан сунуштарды кабыл алууга даяр (иштер КГК тарабынан берилген шаймандарды колдонуу менен жүргүзүлөт).
КГКнын бургулоо шайманында иш жүргүзүү үчүн тийиштүү кызматкерлери бар бөдрөтчү ишканалар чакырылат.

Аткарылуучу жумуштардын жалпы акысы узундук метр ченеми менен аныкталып, ичине (белгиленген мөөнөттүн ичинде иштерди коопсуз жана сапаттуу аткаруу үчүн) керектүү адистердин жана жумушчулардын ишке тартылышын камтышы керек:

  • Бургулоо мастери (жеңил унаасы бар)
  • Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча инженер (жеңил унаасы бар)
  • Бургулоо шайманынын машинисти
  • Бургулоо шайманынын машинистинин жардамчысы

Иштерди аткаруунун божомолдуу мезгили

  • 2018-жылдын 01-июнунан тартып 31-декабрына чейин.

Бардык негизги жана кошумча жумуштардын аткаруусун бөдрөтчү уюм камсыздайт жана өзүнүн  шаймандарынын мобилизациялануусун/демобилизациялануусун, аны оӊдоо иштерин, кызматкерлерин ташуу, жумуш участкаларында турмуш-тиричилик шарттарын уюштуруусун кошо камсыздайт. Жалдоочу бөдрөтчү уюмдун автотранспортун жана шаймандарын күйүүчү май менен камсыздайт.

Толук маалымат техникалык тапшырмада

Талапкерлер коммерциялык сунуш менен биргеликте тийиштүү иштерди аткарууга укугун тастыктаган уюштуруучу жана башка юридикалык документтерди тапшыруусу зарыл, жана да жумуш акысы узундук жана кубдук метр ченеми үчүн аныктап көрсөтүүсү зарыл.

Жумуш акысы бардык тийиштүү салык жана төлөмдөрдү камтышы керек.

Шаймандарын жана үй-чарба объектилерин байкоо максатында КГК Талапкердин базасына барууга укуктуу.

Коммерциялык сунуштарды бекитилген жана «Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча коммерциялык сунуш» деп жазылган конвертте 2018-ж. 18-май күнү саат 17:00 чейин, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24, «Учкун» ААК имараты, 10-кабат дарегине тапшыруу зарыл.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу кабыл алынган коммерциялык сунуштарды (толук же бѳлүктөрүн) кабыл алууга же албоого өзүнүн укугун сактайт. Ошондой эле, талапкерлердин бул конкурска катышуу үчүн кеткен чыгымдарын төлөөгө милдеттенме албагандын бир тараптуу билдирет.

Техникалык тапшырманы жүктөп алуу