«Кумтөрдүн Элчилеринин» колдоосу менен Бишкек шаарында стол тенниси боюнча жолдоштук эки турнир өттү

«Кумтөрдүн Элчилеринин» колдоосу менен Бишкек шаарында стол тенниси боюнча жолдоштук эки турнир өттү

Жарыяланган: 11 April 2018

2018-жылдын 6-апрелинде, «Кумтөрдүн Элчилеринин» колдоосу алдында, угуусу начар менен кеч дүлөй балдар үчүн, Республикалык жалпы билим берүүчү №21 мектеп-интернатынын курама командасы жана Кыргыз Республикасынын дүлөй балдары үчүн Адистештирилген жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын курама командасы ортосунда Бүткүл Дүйнөлүк стол тенниси күнүнө арналган жолдоштук турнир өттү. Уюштургандар Кыргыз Республикасынын стол тенниси боюнча Ассоциациясы менен «Жаңы мүмкүнчүлүктөр» Коомдук Кайрымдуулук Фонду болду.
Турнирдин максаты – Кыргыз Республикасында стол теннисин пропагандалоо жана популяризациялоо, инсандын гармонияда жана ар тараптуу өнүгүүсүндө дене тарбия менен спорттун маанисин жогорулатып, эки балдар мекемесинин ортосундагы достукту бекемдөө.

Бүткүл Дүйнөлүк стол теннисинин күнү (Word Table Tennis Day) али абдан жаш майрам – алгачкы жолу 2015-жылдын 6-апрелинде белгиленген. Бирок бул анын дүйнөдө популярдуу болуусуна тоскоол эмес. Спорттун бул түрүн попуряризациалоо жана анын ар түрдүү өлкөлөрдө жайылтуу, ага кызыккан адамдарды бириктирүү, жана албетте сергек жашоо образын пропагандалоо максаты менен, стол теннисинин Эл Аралык Федерациясы ( International Table Federation, ITTF) бул спорттук жаңы датаны демилгелеген.

Ушул эле күнү, 2018-жылы 6-апрелде «Учкун» ААКынын административдик кеңсесинин экинчи кабатында, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК менен «Учкун» ААК кызматкерлери ортосунда Бүткүл Дүйнөлүк стол теннис күнүнө арналган жолдоштук турнир өттү. 1-орунду Алмаз Качиев, экинчиликти Гульжигит Мамытов (экөө тең «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери) жана 3-орунда Бектур Осмонбеков.(«Учкун» ААК кызматкери). Турнирдин жүрүшүндө чогулган акча каражатына угуусу начар жана кеч дүлөй балдар үчүн Респуликалык жалпы билим берүүчү №21 мектеп-интернат балдарынын командасы жана КРдин дүлөй балдар үчүн Адистештирилген жалпы билим берүү мектеп-интернатынын стол тенниси боюнча балдар командалары үчүн сыйлыктар сатып алынган. Мындан тышкары, мелдештин жыйынтыгында, спорттук чеберчилик менен командалык рухту жогорулатуу үчүн ушул сыяктуу жолдоштук турнирлерди бир жылда бир нече жолу өткөрүп туруу сунушталган.