Борбор Азиядагы Америка Университетинин студенттери «Кумтөр» кенине бошулту

Борбор Азиядагы Америка Университетинин студенттери «Кумтөр» кенине бошулту

Жарыяланган: 28 April 2018

Өткөн дем алышта Борборд Азиядагы Америка Университетинин (БААУ) студенттер менен мугалимдер тобу таанышуу сапары менен «Кумтөр» кенинде болушту. Ал топко Прикладдык геология, Экологиялык менеджмент менен туруктуу өнүктүрүү жана Бизнести башкаруу факультеттеринин студенттери кирди.

Сапар өткөн жумада ЖОЖдогу «Кумтөр Голд Компани» өндүрүш тобокелдерин башкаруу жөнүндө лекциянын уландысы болду. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер алтын өндүрүү жана ылгоо процесстери, жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча программа менен таанышты. Студенттердин тобу алтын ылгоочу фабрика, турак-жай лагерге, карьерге, жана туюккап дамбасына барышты. Сапардын аягында студенттер, ишкананын аймагынан тоо текелердин үйүрүн көрүүгө да үлгүрүштү.

Компания адистери өндүрүштүн ар бир участогунда иш жөнүндө студеттер менен мугалимдердин кызыккан суроолоруна толугу менен жооп берип жатышты. Ошондой эле студенттерге өндүрүштүк процессте колдонулган эң чоң самосвалды жакындан көрүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

«Кумтөр» кенине экскурсия биздин студенттерге мынчалык масштабдуу өндүрүштүк процесс кандайча уюштурулуп, жөнгө салынганын көрүүгө жана түшүнүүгө эң мыкты мүмкүнчүлүк берди. Студенттер баардык суроолоруна жооп берген компаниянын адистери менен түздөн-түз сүйлөшө алышты. Көпчүлүгү экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн колдонулган жаңы ыкмалар менен изилденгеи чечимдер жөнүндө биринчи жолу угушту», – деп белгиледи топту коштогон БААУ мугалими Алессандра Стримбели.


«Башында бизге маалыматты аз берип, бир тараптуу болот деп ойлогом, бирок, адистер ачык-айрым баарлашканы таң калтырып, тажрыйбасы менен бөлүшкөнү абдан кубантты. «Кумтөр» кенине сапар абдан кызыктуу жана маалыматтуу болду», – деп белгиледи БААУ студенти Акылбек Кенжебек.