Коомду ѳнүктүрүү долбоорлору

Коомду ѳнүктүрүү долбоорлору

«Кумтөр Голд Компани» коом алдындагы социалдык жоопкерчилигин терең түшүнүү менен калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтүп, жергиликтүү жамааттардын өнүктүрүү долбоорлорун туруктуу негизде колдоого алып келет. Кумтөр чакан өндүрүштөрдү ачуу менен жаңы жумуш орундарын түзүү аркылуу элеттеги элдин турмушун жакшыртууга байланышкан долбоорлорго артыкчылык берет. Мындан тышкары, айлана-чөйрөнү коргоого, билим берүүгө, маданий жана сергек жашоо образына үндөгөн демилгелерге дагы өзгөчө көңүл бурат.

Былтыркы, 2023-жылы «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна жеке жана ар кандай уюмдардан 413 өтүнүч, кайрылуулар келип түшкөн.

Бардык кайрылуу каттар кылдат иштелип чыгып, «Кумтөр Голд Компанинин» долбоорлорду колдоо, демөөрчүлүк жана кайрымдуулук иштери боюнча комитетинин кароосуна берилген. Жыйынтыгында 413 кайрылуу каттын ичинен 133ү канааттандырылган.

Ысык-Көл Нарын Чүй Бишкек
Бекитилди 95 10 5 23
Артка кайтарылды 170 3 11 73
Иштелип чыкты 15 0 0 30

*Келип түшкөн өтүнүч каттардын аймактар боюнча динамикасы

  •                   балдар үйлөрүнө жана калктын аялуу катмарына 2140 даана азык-түлүк баштыктары таратылды;
  •                   1998-жылы Барскоон дарыясында болгон экологиялык кырсыктын кесепетинен жапа чеккен Барскоон айылынын 53 тургунуна компенсация төлөнүп берилди;
  •                   Түп районунда 2-августтан 7-августка чейин болгон табигый кырсыктан жапа чеккен жергиликтүү тургундарга материалдык жардам көрсөтүлдү;
  •                   Жети-Өгүз районунун Кароол-Дөбө жана Мундуз айылдарындагы бала бакчалар үчүн балдарга ыңгайлуу шарттарды жана заманбап коопсуз оюн аянтчасын түзүүгө жардам көрсөтүлдү;
  •                   Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Ооган жоокерлеринин жана жергиликтүү кагылышуулардын катышуучуларынын эстелигин жана аскердик даңк музейин реконструкциялоого жардам көрсөтүлдү;
  •                   «Чүй облусунун Москва районунун майыптары» коомдук бирикмеси жана Беловодский балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси үчүн коляскалар, памперстер, жуучу каражаттар жана светодиоддук чырактар ​​сатылып алынды;
  •                   Ысык-Көл, Нарын облустарынын ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарга 1300 тонна көмүр таратылды;
  •                   Балыкчы шаарынын тургуну Т.Кубатовага өрттөнүп кеткен үйүн оңдоого жардам көрсөтүлдү;
  •                   “Биринчи балдар хосписи” кайрымдуулук фондундагы айыккыс дартка чалдыккан балдардын жана аларды коштоп жүргөн ата-энелеринин, дарыгерлердин Ысык-Көлдөгү жайкы лагерде төрт күндүк эс алуу учурундагы жол киресин жана жатакана акысын төлөө үчүн жардам көрсөтүлдү;
  •                   Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы жетим балдарга, социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдарына жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы жылдык белектер таратылды.

  •                   Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы билим берүү мекемелерине персоналдык компьютерлер, интерактивдүү доскалар жана проекторлор берилди;
  •                   Түп районунун администрациясына жана С.Орозов атындагы Түп балдар музыкалык мектебине музыкалык аппаратура жана аспаптар сатылып алынды;
  •                   Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы №16 атайын мектепке чейинки билим берүү уюмунун балдары үчүн жаңы усулдук жана дидактикалык колдонмолор, балдар китептери жана акыл-эсти өстүрүүчү оюнчуктар сатылып алынды.

  •                   Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Суу айылындагы 30 га жерге тамчылатып сугаруу системасын орнотууга акчалай жардам көрсөтүлдү;
  •                   аймактардын жолдорун реконструкциялоого каржы бөлүндү;
  •                   Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл аймагын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн зарыл болгон лотокторду сатып алууга каражат бөлүндү;
  •                   Тоң районунда балык өстүрүүчү заводдун инкубациялык цехинин архитектуралык-шаар куруу корутундусунун долбоорун иштеп чыгууга жана сметасын даярдоого каржылык колдоо көрсөтүлдү;
  •                   Жети-Өгүз райондук ветеринария башкармалыгына ветеринардык-санитардык-эксперттик лабораторияга керектүү жабдууларды алуу үчүн акча каражаты бөлүндү;
  •                   «Тамга» кооперативине айыл чарба өсүмдүктөрүн дарылоо үчүн чачуучу аппарат сатып алууга акчалай жардам көрсөтүлдү.

  •                   Каракол шаарынын мэриясы үчүн атайын техниканы (Howo маркасындагы таштанды ташуучу L001-01 унаасы) сатып алууну каржылады;
  •                   «Жашыл Мурас» өнөктүгүнүн алкагында Жети-Өгүз районунун 8 га жерин тосууга жана токой чарбасына керектүү техникаларды сатып алууга каражат бөлүндү;
  •                   Жети-Өгүз райондук токой чарбасына аймагына Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү отургузулду;
  •                   600 үй-бүлөнү ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн Б.Мамбетов айыл аймагынын Эшперов айылында ичүүчү суу тутумуна суу мунарасын чыгаруу жана алмаштыруу долбоору биргелешип каржыланды;
  •                   «Бугу-эне» коомдук фондуна Каракол шаарындагы зоопарктын жаныбарлары үчүн чөп, дан жана мөмө-жемиш сатып алууга акчалай жардам көрсөтүлдү.

  •                   Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдарында бир нече бала бакчалардын курулушу каржыланды;
  •                   Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы аянты 924 чарчы метр болгон кичи-футбол аянтчасын куруу долбоорлорун ишке ашырууга жана стадионду реконструкциялоого каржылык жардам берилди;
  •                   бир катар укук коргоо органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында персоналдык компьютерлердин жана көп функциялуу принтерлердин комплектилери сатылып берилди.

  •                   медицина тармагындагы тез диагностиканын маанилүүлүгүн эске алуу менен 3 датчиги бар УЗИ аппараты сатылып алынып, №2 клиникалык көп тармактуу ооруканага өткөрүлүп берилди;
  •                   Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арчалы айылында жайгашкан Республикалык «Арчалы» реабилитациялык борборунун имаратын, суу түтүгүн, канализациясын оңдоого жана ага чектеш аймакты жакшыртып, иретке келтирүүгө жарым-жартылай каржылык колдоо көрсөтүлдү;
  •                   Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун гипобарикалык барокамерасын оңдоо жана калыбына келтирүү иштери каржыланды;
  •                   Мите курт ооруларын өз убагында аныктоонун жана натыйжалуу дарылоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен Ысык-Көл облусундагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын дарыгер-лаборанттарынын квалификациясын жогорулатуу боюнча тренинг өткөрүү демилгеси колдоого алынды.

«Кумтөр Голд Компани» ошондой эле спортту кеңири жайылтуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана ар кандай спорттук иш-чараларды уюштурууга активдүү катышып келет.

«Кумтөр Голд Компанинин» башкы артыкчылыктарынын бири – өз ишмердигин жүргүзгөн аймакты толук өнүктүрүүгө салым кошуу аракети. Бир топ жылдардан бери компания жергиликтүү коомчулуктарга ынанымдуу өнөктөш болууга бар күчүн жумшап келет. Биздин конструктивдик кызматташтык – компаниянын ийгиликтүү ишмердигинин өбөлгөсү.
Аймакта өз программаларын жүзөгө ашыруу аракетинде компания төмөнкү төрт багытты камтыган Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүү стратегиясын бекем карманат:

  • Айыл чарба тармагын өнүктүрүү;
  • Кичи жана орто бизнестин түрдүүлүгүнө жана өнүгүшүнө көмөктөшүү;
  • Облус жаштары менен өз ара аракеттешүү жана билим берүү демилгелерин колдоо;
  • Экология

Ушул тапта «Кумтөр» тарабынан колдоого алынган бардык долбоор жана демилгелер компания өз ишмердигин жыйынтыктай турган 2026-жылы өз алдынча, туруктуу жана облус калкына жана жергиликтүү бюджетке киреше алып келе тургандай абалда жетиши биз үчүн абдан маанилүү.

«БИР АЙЫЛ – БИР ӨНДҮРҮМ» (БАБП)

Долбоордун максаты жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен товарларды өндүрүү аркылуу Ысык-Көл областынын экономикалык потенциалын өнүктүрүү үчүн жеке ишкерлерди жана жергиликтүү жамааттардын иш-аракеттерин бириктирүү болуп эсептелет.

КГК 2016-жылы долбоорду кайрадан ишке киргизген (тагыраак айтканда, аны тең каржылоону кайра баштаган). «Бир айыл – бир продукт» мамилесинин негизиндеги чакан бизнестин модели Ысык-Көл областында Япон эл аралык кызматташуу агенттиги JICA тарабынан каржылануучу «БАБП» долбоорунун алкагында түзүлгөн.
Долбоордун максаттуу тобу жана ишке ашыруу тармагы: Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы кийизден буюмдарды өндүрүү менен алектенген жергиликтүү жамааттарды уюштуруу. Долбоор региондогу чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү менен өз алдынча жана ийгиликтүү болууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. 2020-жылы долбоордун алкагында 8 цех иштеп, март айынан июль айына чейин 46 миң АКШ долларынан ашык өлчөмдө киреше табышкан.

2020-жылга карата учурдагы натыйжалар:

  • 75 тренинг өткөрүлдү;
  • Продукциялардын 30 жаңы түрү чыгарыла баштады;
  • Продукцияларды сатуу үчүн 6 келишимге кол коюлду;
  • «Muji» япон компаниясынын чоң көлөмдөгү буйрутмасы аткарылды;
  • 1 га ашык аянтка чычырканактын 1200 көчөтү тигилди.

ИРРИГАЦИЯЛЫК СИСТЕМАНЫ ЖАҢЫЛОО

Долбоор айыл чарбасын колдоого багытталган.
Өкмөт ошондой эле айдоо жерлерин кеңейтүүгө басым жасоодо. Эксперттердин баасы боюнча, өлкөдөгү айдоо жерлердин жалпы аянты жетишерлик инвестиция болсо эки эсе көбөйүшү мүмкүн.

Биздин инвестициялардын негизги максаты болуп төмөнкүлөр эсептелет:
(1) сугат суусунун көлөмүн көбөйтүү жана сугат жерлеринин аянтын кыйла кеңейтүү.
(2) түшүмдүүлүктү көбөйтүү, анын натыйжасында фермерлердин кирешесин жогорулатуу.
Областтык комитеттин жыйындарында ирригациялык системаны калыбына келтирүүчү аймактар аныкталды. Долбоор сугат суусунун жетишсиздигине дайым туш болгон жергиликтүү жашоочуларга/фермерлерге,өзгөчө пайдалуу.

2020-жылы каржыланган долбоорлор:

Зеленый Гай айылындагы суу тосмосунун курулушу

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун  Зеленый Гай айылындагы суу тосмонун курулушу жөнүндө маселе биринчи жолу 2018-жылы Региондук комитеттин жыйынында каралган. Аталган гидротхникалык курулманын аркасында жергиликтүү дыйкандар буудай, арпа жана картөшкө өстүрө турган 250 га талаа сугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыз болот. Жалпысынан суу тосмонун көмөгү менен 4599 калктуу 1035 чарба сугат суусуна жетүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Объектте аткарылган жумуштар: БСРдин суу кое берүүчү түбү жана суу кудук темир бетон менен куюлду, суу чыгаруучу темир бетон түтүктөр кураштырылды, ошондой эле багытын өзгөртүүчү каналдын 360чы жана 377чи метрлеринин беттери жана бурчтары капталып жасалды. Долбоордун бюджети 2 968 347 сомду түзөт.

«Ак-Булуң» сугат каналынын арыктары алмаштырылды

2020-жылы КГК жана Региондук комитет Тоң райондук администрациясынын “Ак Булуң” сугат каналын реконструкциялоо боюнча демилгесин колдоду. Бул канал Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Талаа айылынын тургундары үчүн мааниси абдан чоң. Бирок азыр темир бетон арыктарынын көпчүлүк бөлүгү эскирип, жарактан чыгып калган. Сууну жоготуунун көлөмү көп болгондуктан жергиликтүү дыйкандарга сугат жерлеринин дээрлик 30 пайызга жакынын кыскартууга туура келген.

Арыкты оңдоо жана алмаштыруу иштери аяктаганда, канал айыл чарба багытындагы 260 га ашык жерди сугат суусу менен камсыздай алат.

Азыркы учурда арыктарды сатып алуу, жеткирүү жана орнотуу үчүн подряддык уюмдар менен 3,1 миллион сомдон ашык суммага келишимге кол коюлду. Эски конструкцияларды алып салуу үчүн даярдык иштери жүрүүүдө.

«Какыр» сугат каналынын  курулушу

2020-жылы КГК жана Региондук комитет Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын «Какыр» каналынын курулушу боюнча дагы бир демилгесин колдоого алды. Жаңы сугат курулмаларын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок 2 айылы менен катар курушат. Башка айылдык аймактар менен салыштырмалуу бул айылдык округда сугат жерлери дээрлик жок. Бул долбоорду ишке ашыруу 100 га ашык жерди сугат суусу менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Андан соң жергиликтүү жашоочулар тарабынан жерлерди өздөштүрүү пландалууда. Ар бир үй-бүлө жер үлүшүнө ээ болот. Бул долбоордун сметалык наркы 4,9 миллион сомдон ашык каражатты түзөт.

Азыркы учурда долбоор 40%га аткарылды. Каналды 2020-жылдын аягында ишке берүү күтүлүүдө.

ТАЗА СУУ

Бул долбоордун максаты – жергиликтүү жамааттарга таза суу ичүү мүмкүнчүлүгүн берүү. Долбоор абдан популярдуу, анткени ал миңдеген адамдардын жашоосун жакшыртат. Таза сууга жетүү боюнча долбоорлорго карата компанияга түшкөн өтүнмөлөр областтык комитеттин жыйындарында талкууланат.

2020-жылы каржыланган долбоорлор:

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын тургундарын таза суу менен камсыздоо долбоору

Долбоордун алкагында суу тосмо курулуп, суу менен жабдуу тутумун капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Долбоор «Фэйр энд Састэйнэбл Дивелопмент Солюшнс» (FSDS) КФ менен бирге ише ашырылат. КГК 4,4 млн сом суммадан ашык өз салымын кошту. Долбоорду ишке ашыруу 650дөн ашык үй чарбасын таза суу менен камсыздайт.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Көл айылындагы суу түтүктөрүн капиталдык оңдоо

КГК оңдоо үчүн керектүү материалдарды сатып алууга 4 млн сомдон ашык бөлүп берди. Айылда 4800дөн ашык адам жашайт, бирок калктуу конушта суу күндүз 10 саат гана берилет. Долбоорго ылайык жергиликтүү калк сууну күнү-түнү пайдалана алат.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылында суу түтүктөрүн капиталдык оңдоо

Бул айылда 160дан ашык тургун жашайт. Долбоордун жардамы менен алардын баары таза суу ичүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Долбоор «Фэйр энд Састэйнэбл Дивелопмент Солюшнс» (FSDS) КФ менен биргеликте ишке ашырылууда. Долбоордун бюджети – 2 570 327 сом.

БААЛУУЛУКТАР ТУТУМУН ӨНҮКТҮРҮҮ – ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЗНЕС ДЕМИЛГЕЛЕРИ

Чакан жана орто бизнес ишканаларынын санын жана ар түрдүүлүгүн көбөйтүүгө багытталган демилгелерди каржылоо. «Жергиликтүү бизнес демилгелери» программасы жаңы жумуш орундарын түзө алучу жана рынокто такыр жок же жетишсиз санда жана сапаттагы кызмат көрсөтүүлөрдү таап, демилгелей турган жергиликтүү ишканаларды колдойт.

Балыкчы шаарындагы таштанды ылгоочу комплекс

Бул долбоор Ысык-Көл облусу үчүн эле эмес, жалпы Кыргызстан үчүн да уникалдуу болуп эсептелет. Балыкчы шаарындагы таштанды полигонунда таштандыларды ылгоону уюштуруу жана ишти баштоо, андан кийин кайра иштетүү региондун санитардык жагдайын жана экологиялык коопсуздугун кыйла жакшыртууга көмөк көрсөтөт. Балыкчы шаарынын мэриясына караштуу “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо” МИ долбоорду ишке ашыруучу болуп эсептелет. КГК Россиядан таштанды ылгоочу жабдууларды сатып алууга 4,9 миллиондон ашык сом бөлүп берди. Муниципалдык ишкана тарабынан комплексти орнотуу үчүн платформалар даярдалып, электр берүүчү чубалгылар тартылып, ангар курулган. Ошондой эле шаардагы коомдук жайларда пластик чогултуу үчүн урналар орнотулду.

Эшперов айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борборду калыбына келтирүү

2019-жылы  КГК Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Эшперов айылында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борборду реконструкциялоого 900 миң сомдон ашык каражат бөлүп берди. Борбордун ичин жана тышын курулуш-жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, керектүү жабдуулар сатылып алынды. Борбор психомотордук жактан, Даун синдрому менен жабыркаган балдар менен иш алып барууга багытталган. Мекеменин максаты: ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго аралаштыруу жана алардын тиричилик көндүмдөрүн өнүктүрүү.

АЛЫСКЫ ЖАЙЫТТАРГА АЛЫП БАРУУЧУ ЖОЛДОРДУ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ

Долбоордун максаты болуп жергиликтүү фермерлерге жана малчыларга алыскы жайыттарга жетүүсүн камсыздоо болуп саналат. Бул жакын жайгашкан жайыттардын бузулушун алдын алуу үчүн аткарылат. Алыскы жайыттар азыр дээрлик пайдаланылбайт, көпүрөлөр жараксыз болуп калган, ушунун баары малдын ири калктуу конуштардын айланасына өтө эле ашыкча топтолушуна алып келди.

2020-жылы КГК Барскоон суусу аркылуу жана Жууку ашуусу аркылуу алыскы жайыттарга баруучу 2 жолду калыбына келтирүү боюнча долбоорду колдоду. Жууку ашуусу аркылуу 12 километр жолду тазалоо бийик тоолуу жолдорго чейинки аралыкты 2 күнгө кыскартат. Бул долбоорлордун жалпы бюджети: 2 821 314 сомду түздү.

ЖАМААТТАР ДЕМИЛГЕЛЕГЕН ДОЛБООРЛОР

КГК компанияга берилип, Аймактык жыйындарда талкууланган жергиликтүү демилгелерге колдоо көрсөтөт. Долбоорлор жергиликтүү бийлик, жергиликтүү ӨЭУ жана жаштар тобу менен өнөктөшүп ишке ашат.

2020-жылы колдоого алынган долбоорлор:

Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык оңдоо

Долбоордун алкагында имаратты жылуулоо, полду, эски терезе, эшиктерди алмаштыруу, ичин жана тышын жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылы бийик тоолуу – деңиз деңгээлинен дээрлик 3600 метр бийик аймакта жайгашкан, бул жерде 342 адам жашайт.

Мурда ар кандай маалымкаттарды жана башка малмекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн алар Кызыл-Суу айылына барып турушкан. Айыл өкмөтүнүн имаратын оңдогондон кийин, бул жерде 5 кызматкер иштейт, ал эми мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан бардык маселелерди Ак-Шыйрак айылынын тургундары жеринде чече алышат.

Долбоордун бюджети – 2 210 856 сом.

Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы “Стоп-пункттун” курулушу

Бул долбоор Тоң райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан демилгеленип, Региондук комитет тарабынан колдоого алынган. Азыркы учурда бул долбоор ишке ашуу баскычында турат. Долбоордун максаты туристтер үчүн сервисти жана жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү  жакшыртуу болуп эсептелет, бул келген коноктор үчүн коопсуз аймакты жана жергиликтүү тургундар үчүн иш орундарын түзүүгө өбөлгө болмокчу. Долбоор эс алуу аймагын жана керектүү инфраструктураны, автоунааларды токтотуучу жайларды курууну, жарыктандыруу орнотууну, участокту жашылдандырууну камтыйт. Кумтөр бул долбоорго тең каржылоо катары  1 450 000 сом бөлүп берди.

Жайкы сезондо пункттун кызматтарын 20 миңге чейин турист пайдалана алары күтүлүүдө.

Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун аймактарына ЮНЕСКОнун геопарк статусун алууга көмөктөшүү

Долбоордун максаты региондун геологиялык, табигый жана маданий мурастарын сактоо, туруктуу туризмди өнүктүрүү жана жергиликтүү калктын ЮНЕСКОнун табигый мурастар жаатындагы программалары жана конвенциялары туураалуу маалымдуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү болуп эсептелет.

Бул долбоор  «Тескей Жээк» жергиликтүү дестинациясы тарабынан демилгенип, ага көчмөндөрдүн салттарын даңазалоочу туристтик базалар жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү жамааттары кирет. Активисттер Ысык-Көл облусунун түштүк жээгине ЮНЕСКОнун геопарк статусун ыйгарууга жетишүүгө ниеттенишүүдө. Бул үчүн эл аралык уюмдардын талаптарына ылайык маалыматтык веб-сайтты түзүү зарыл. КГК порталды иштеп чыгууга, порталга маданий-тарыхый жерлерди жана жаратылыш эстеликтери жөнүндө маалыматтарды талдап, топтоого 617 000 сом бөлүп берди. Азыркы учурда Бүткүл дүйнөлүк геопарктар тармагы 44 өлкөдөгү 161 обьектти камтыйт.

 «Ак-Булуң» жана «Айдын-Көл» коруктарын түзүү

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы “Ак-Булуң” жана “Айдың-Көл” эки жамааттык кичи коруктарын түзүү боюнча долбоор түштүк жээктин саздуу биотүрдүүлүгүн сактоого көмөктөшүүгө багытталган.

Бул долбоор БУУӨП (ПРООН) менен бирге ишке ашат. КГК коруктардын маалыматтык сайтын, “Жаматтык кичи коруктардын жобосун” иштеп чыгууга, егердик корукчуларды жабдууга, балык өстүрүү жана багуу үчүн көлмөлөрдү курууга, Айдың-Көлгө балыктарды байырлатууга, жол белгилерин даярдоо жана орнотууга, ошондой эле экологиялык тематикаларды даңазалоого сарптала турган 1,3 млн сомдук салым кошту.