МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ДИРЕКЦИЯСЫНЫН ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ДОЛБООРЛОРДУН УЛУК МЕНЕДЖЕРИ / УЛУК БИЗНЕС-АНАЛИТИГИ

МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ДИРЕКЦИЯСЫНЫН ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ДОЛБООРЛОРДУН УЛУК МЕНЕДЖЕРИ / УЛУК БИЗНЕС-АНАЛИТИГИ

Жарыяланган: 17 January 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Маалымат технологиялар дирекциясынын Өнүгүү башкармалыгынын Долбоорлордун улук менеджери/Улук бизнес-аналитиги (Бишкек кеңсеси) 

Билдирүүнүн номери: KGC-22-008 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • МТ долбоорлорунун максаттарын, баалуулуктарын (пайдасын), техникалык-экономикалык негиздемесинин расчетун аныктоо;
  • Өзгөрүүлөрдү башкаруу (колдонмо программалык камсыздоо боюнча талаптар);
  • Анализ процесстерин жана бизнес процесстеринин (as is, to be) сыпаттоосун башкаруу жана контролдоо, ошондой эле системага болгон талаптарды user stories/use cases/маалымат системасына Техникалык тапшырма (ТТ) түрүндө түзүлүшүн контролдоо;
  • Салыштырмалуу анализ менен бизнес-процесстерди сыпаттоо жана моделдөө үчүн маалыматтык системаларды тандоо (CASE инструменттери);
  • Маалымат системаларын тандоо боюнча пилотторго катышуу;

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Маалымат технологиялар/долбоорлорду башкаруу МВА/ колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
  • Иш тажрыйбасы:

– маалымат системалары чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес (тоо-кен компанияларында иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);

– талаптарды талдоо жана башкаруу, МT-долбоорлорун башкаруу боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

– маалыматты, ОС, СУБД, колдонмолорду миграциялоо боюнча тажрыйба;

– булуттук технологиялар (IaaS, PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;

– долбоорду башкаруу үчүн маалыматтык системалар менен иштөө тажрыйбасы;

– 3 кем эмес бизнес – домендерде/ capabilities (финансы, МТ, логистика, тоо-кен, металлургия тармагында артыкчылыкка ээ);

  • Атайын көндүмдөрү жана билими:

– маалыматтык технологиялар, программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли (COBIT, ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK). ANSI PMI PMP, PRINCE 2 Professional сертификаттары атаандаштыкта артыкчылыкка ээ болот;

– стандарттар, талаптарды башкаруу жана сыпаттоо методикасы, бизнес-процесстерди моделдөө (BABOK, Россия Федерациясынын ГОСТу), контролдоо жана пландаштырылган көрсөткүчтөргө жетишүү. Certified Business Analysis Professional (CBAP) сертификатынын болушу атаандаштык артыкчылыккка ээ болот;

– Cloud ready жана Cloud-Native applications колдонмолорунун, API Management, микросервистик архитектура боюнча подходдор менен паттерндер;

– SOA (Service – Oriented Architecture) үлгүлөрү;

– нотациялар, CASE инструменттерин колдонуу тажрыйбасы жана бизнес процесстерин моделдөө (DFD, IDEF, UML) боюнча 3 жылдан кем эмес;

– талаптарды башкаруу аудитин уюштуруу, МТ долбоорлорун башкаруу бюонча көндүмдөрү болуу;

– маалымат базаларын жана реляциондук байланыштарды башкаруу системаларынын түзүлүшү тууралуу жалпы  принциптерин билүү;

– жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.

  • Тилдерди билүү:

– орус тилин – эркин билүү;

– кыргыз тилин билүү – кубатталат;

– англис тилин орто деңгээлден жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 28-январь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-008.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.