“Мектеп лигасы 2021-2022” улуттук долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

“Мектеп лигасы 2021-2022” улуттук долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

Жарыяланган: 07 June 2022

Балдар спортун өнүктүрүүгө багытталган өлкө тарыхындагы эң ири улуттук долбоор болгон “Мектеп лигасы” 2021-жылы башталган. Программа билим берүү мекемелеринде футбол, волейбол жана баскетбол сыяктуу массалык спортту өнүктүрүүгө багытталган. «Кумтөр Голд Компани» долбоордун башкы өнөктөшү болду.

Быйылкы окуу жылында лиганын оюндарына 2334 мектептен 1778 команда катышты. Натыйжада бул долбоорго Кыргызстан боюнча 36 миңден ашык өспүрүм тартылып, КГК бардык командаларды керектүү жаңы жабдуулар, спорттук шаймандар менен камсыздап берген. “Кумтөр” компаниясы өз кезегинде сатылып алынган баардык спорттук буюмдар Олимпиадалык талаптарга жооп берүүсүнө өзгөчө көңүл бурду.

– Мисалы, “Molten” волейбол топтору дүйнөдө эң мыкты деп эсептелет. Бул топтор түздөн-түз Таиланддагы фабрикадан буйрутма кылынган. Ал топ менен эл аралык деңгээлдеги профессионалдык мелдештерди да өткөрсө болот, – дейт “Мектеп лигасы” федерациясынын президенти Самат Токтоналиев.

Өткөн аптада Бишкекте “Мектеп лигасынын” финалдык беттештери өтүп, анын жыйынтыгында волейбол, баскетбол жана футбол боюнча өлкөнүн эң мыкты мектеп командалары аныкталды. Оюндардын жабылыш аземи Кыргызстандын башкы спорт аренасы – Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине сыйлыктарды КГКны башкарган «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдингдик компаниясынын президенти, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана спорт федерацияларынын өкүлдөрү тапшырышты.

– Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын алкагында ишке ашырылып жатат. Бүгүн биз «Мектеп лигасынын» жеңүүчүлөрүн гана эмес, жалпы өлкөбүздүн келечектеги лидерлерин сыйлап жатабыз,- дейт «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдингинин президенти Теңиз Бөлтүрүк.

Бул күнү мектеп кабарчылары да баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Бул “Мектеп лигасынын” алкагындагы дагы бир долбоор. Жыл ичинде социалдык тармактарда жаш кабарчылар өз командаларынын ийгиликтери менен бөлүшүп, ошондой эле сергек жашоо образын жүргүзүү эмне үчүн маанилүү экенин курбалдаштарына жар салып жатышты.

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев:

– “Кумтөр” болбогондо бул долбоор иштебей калышы мүмкүн эле. Ушундай зор колдоо алганыбыздын аркасында бул долбоор ишке ашып, элдин кызыгуусун жаратты. КГКнын аркасы менен спорттук инвентарлар сатылып алынып, таратылды. Мындан улам башында эле “Мектеп лигасына” катталбай калган мектептер эми жаңы окуу жылына каттоону эртерээк баштоону суранышууда.