КУМТӨР КЕНИНИН ЧОҢ-САРЫТӨР ӨРӨӨНҮНДӨГҮ БОШ ТОО ТЕКТЕРДИН КУМТӨР ДАРЫЯСЫНА ЧЕЙИН ЖЫЛЫШЫНЫН ТУРУКТУУЛУГУН БААЛОО, БОЛЖОЛДОО ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРА ОБЪЕКТИЛЕРИНЕ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИН АНЫКТОО БОЮНЧА ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮ

КУМТӨР КЕНИНИН ЧОҢ-САРЫТӨР ӨРӨӨНҮНДӨГҮ БОШ ТОО ТЕКТЕРДИН КУМТӨР ДАРЫЯСЫНА ЧЕЙИН ЖЫЛЫШЫНЫН ТУРУКТУУЛУГУН БААЛОО, БОЛЖОЛДОО ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРА ОБЪЕКТИЛЕРИНЕ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИН АНЫКТОО БОЮНЧА ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮ

Жарыяланган: 18 May 2026

АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 26-майы, саат 10:00 (Бишкек убактысы боюнча).


Кумтөр кенинин Чоң-Сарытөр өрөөнүндөгү бош тоо тектердин Кумтөр дарыясына чейин жылышынын туруктуулугун баалоо, болжолдоо жана инфраструктура объектилерине тийгизген таасирин аныктоо боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эки топтомдон турган ыкма менен, катышуусу чектелбеген конкурска катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Конкурстук табыштама жана конкурстук сунуштун курамына кирген башка документтер конкурстук табыштаманы кол коюуга жана келишим боюнча милдеттенмелерди алууга укугу бар ыйгарым укуктуу жак тарабынан кол коюлушу тийиш. Көрсөтүлгөн документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында электрондук түрдө берилүүгө тийиш.

Конкурстук табыштамага кол койгон жактын ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү тартипте күбөлөндүрүлгөн уставдык, тескөөчү же башка документтердин көчүрмөлөрү менен тастыкталууга тийиш.

Конкурстук сунушту даярдоону баштоодон мурда катышуучу конкурстук документациянын 1-тиркемеси болуп саналган «Конкурска катышуу үчүн табыштаманы даярдоо боюнча нускама (жеткирип берүүчүлөр үчүн)» менен таанышып чыгып, анда көрсөтүлгөн талаптарды толук сактоону камсыз кылууга тийиш.

Сунуштарды берүү тартиби Конкурстун катышуучулары орус тилинде даярдалган жана конкурстук документациянын талаптарына так ылайык таризделген конкурска катышуу үчүн табыштаманы берүүгө милдеттүү. Табыштамага сынактын шарттарында каралган тиешелүү тастыктоочу документтердин зарыл көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш.

Конкурстук табыштама жана ага тиркелген документтер 2026-жылдын 26-майы саат 10:00дөн кечиктирбестен төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүүгө тийиш: NIR-otval-2026@kumtor.kg. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин түшкөн табыштамалар каралбайт.

Конкурстун катышуучусу конкурстук табыштаманын баасын (баа сунушун) камтыган коммерциялык сунушту, ошондой эле Буйрктмачы тарабынан берилген Техникалык тапшырмага толук ылайык Чоң-Сарытөр өрөөнүндө жайгашкан Кумтөр кенинин бош тоо тектеринин туруктуулугун баалоо, алардын жылышын болжолдоо жана Кумтөр дарыясына жана инфраструктура объектилерине карата кыймылын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка документтерди жана маалыматтарды берүүгө милдеттенет.

Маанилүү!!!

 

Конкурстук табыштама жана (же) конкурстук сунуш камтылган бир электрондук каттын көлөмү 25 МБдан ашпоого тийиш.

Эгерде тиркелген документтердин жалпы көлөмү 25 МБдан ашса, конкурстук табыштама бир нече электрондук катка бөлүнүп жөнөтүлүүгө тийиш. Мында каттын темасында конкурстун катышуучусунун аталышы жана конкурстук сунуштун тиешелүү бөлүгү көрсөтүлүүгө тийиш, мисалы:

1. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» – 1-бөлүк

2. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» – 2-бөлүк

3. «Конкурстук сунуш жана сметалык эсеп (катышуучунун аталышы)» – 3-бөлүк

4. «Финансылык сунуш (катышуучунун аталышы)» – 4-бөлүк жана зарылчылыкка жараша мындан ары

Булут сактагычтары аркылуу документтерди жүктөп берүүдө шилтемелер, адатта, чектелген мөөнөткө гана жеткиликтүү болгондуктан, конкурстук документацияны булут сактагычтар аркылуу жөнөтүү сунушталбайт. Документтерди электрондук каттын тиркемеси катары түздөн-түз жөнөтүү сунушталат.

Конкурска катышуу үчүн табыштама төмөнкү документтерди камтууга тийиш: – Конкурстук табыштама;

– Конкурстук табыштаманын аткарылышын камсыздаган декларация;

– Ак ниеттүүлүк декларациясы;

– 2023–2025-жылдар үчүн финансылык отчеттордун түп нускаларынын скан-көчүрмөлөрү;

– Коммерциялык сунуш (жарактуулук мөөнөтү – 60 күндөн кем болбоого тийиш);

– Иштелип чыккан сметалар жана башка зарыл документтер;

– Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз жок экендиги тууралуу маалымкаттар.

Баалоо критерийлери: Конкурстук документацияда каралган бардык документтердин толук топтому менен берилген жана белгиленген талаптарга ылайык таризделген конкурстук сунуш тандоодон өткөн деп эсептелет.
Жеткирүүчүгө талаптар: 1.      Байытуу, металлургия жана технологиялык регламенттерди иштеп чыгуу тармагында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча инжиниринг кызматтарында кеминде 5 (беш) жылдык практикалык тажрыйбасынын болушу.

2.      Интеллектуалдык ресурстук базанын болушу (иш тажрыйбасы кеминде 3 (үч) жыл болгон тиешелүү багыттагы илимий кызматкерлер, долбоорлоочулар, экологдор жана башка адистер).

3.      Байытуу жана металлургия продукцияларын фильтрациялоо үчүн жабдууларды өндүрүү боюнча өндүрүштүк базанын болушу артыкчылык болуп саналат.

 
Финансылык сунушту берүү тартиби 2-этап: Сунуштун финансылык бөлүгү
Финансылык (коммерциялык) сунуш сырсөз менен корголгон архивге жайгаштырылган файл түрүндө берилүүгө тийиш. Финансылык (коммерциялык) сунуштун формасы тиркелет жана конкурстук документациянын 7-тиркемеси болуп саналат. Архивдин сырсөзү конкурсту өткөрүү үчүн дайындалган Буйрутмачынын жооптуу өкүлүнүн суроо-талабы боюнча гана катышуучу тарабынан берилет.

Архивдин сырсөзү кеминде 8 (сегиз) белгиден туруп, курамында жок дегенде бир сан, бир атайын белги, ошондой эле жок дегенде бир баш тамга жана бир кичине тамга камтылууга тийиш. Финансылык (коммерциялык) сунуш катышуучунун расмий бланкында таризделип, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын атына даректелүүгө жана көрсөтүлө турган кызматтардын баасы, иштердин аткаруу мөөнөттөрү жана төлөм шарттары жөнүндө милдеттүү маалыматтарды камтууга тийиш, ошондой эле конкурстук документациянын талаптарына ылайык болушу зарыл.

Финансылык (коммерциялык) сунуштар жайгаштырылган архивдердин сырсөздөрүн суроо конкурстук табыштамалары квалификациялык жана техникалык талаптарга ылайык деп табылган катышуучуларга карата гана жүргүзүлөт.

Предложение с указанием темы: «проведение комплексных исследований по фильтрации на пробах месторождения Кумтор» направлять на адрес электронной почты: NIR-otval-2026@kumtor.kg до 10:00 часов 26 мая 2026 года.

«Кумтөр кенинин сынамдарында фильтрация боюнча комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүү» деген тема менен сунуштар 2026-жылдын 26-майы саат 10:00гө чейин төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүүгө тийиш: NIR-otval-2026@kumtor.kg

Буйрутмачы кайсы болбосун же бардык сунуштарды кабыл албоого, ошондой эле Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта тандоо процессин токтотууга укуктуу, мында тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди өзүнө албайт.
Конкурстук сунуш катышуучунун расмий бланкында таризделүүгө тийиш.
         Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Сунуш берүү менен катышуучу Компания тарабынан белгиленген бардык талаптарга макул экендигин билдирет.

Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунуш берүүгө укуктуу.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 (алтымыш) календардык күндү түзүүгө тийиш.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде ага кандай болбосун өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Тандоодон өткөн катышуучу келишимге кол коюлганга чейин келишимдин аткарылышын камсыз кылуучу кепилдикти декларация түрүндө берүүгө милдеттүү.
Аванстык төлөм каралган учурда, жеңүүчү болуп табылган компания аванстык төлөмдүн суммасынан кем болбогон көлөмдө банктык кепилдик берүүгө милдеттүү.
Ушул конкурс боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүүгө тийиш: aibek.berdigulov@kumtor.kg.
Тандоо шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүү мөөнөтүнүн аякташына чейин кеминде 3 (үч) календардык күн мурда жөнөтүлүүгө тийиш.

 

Тиркемелер:

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР