РОССИЯЛЫК «НОМОС» БАНК КЫРГЫЗСТАНДА ӨНДҮРҮЛГӨН АЛТЫНДЫН 98%ЫН САТЫП АЛУУДА, БИРОК БУЛ ФАКТЫНЫ ЖАРЫЯ КЫЛА БЕРБЕЙТ

РОССИЯЛЫК «НОМОС» БАНК КЫРГЫЗСТАНДА ӨНДҮРҮЛГӨН АЛТЫНДЫН 98%ЫН САТЫП АЛУУДА, БИРОК БУЛ ФАКТЫНЫ ЖАРЫЯ КЫЛА БЕРБЕЙТ

Жарыяланган: 28 February 2012

РОССИЯЛЫК «НОМОС» БАНК КЫРГЫЗСТАНДА ӨНДҮРҮЛГӨН АЛТЫНДЫН 98%ЫН САТЫП АЛУУДА, БИРОК БУЛ ФАКТЫНЫ ЖАРЫЯ КЫЛА БЕРБЕЙТРоссиялык «НОМОС» банк Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындын 98%ын сатып алууда. Бул жөнүндө КирТАГга шейшембиде “Кыргызалтын” ААКсынын басма сөз катчысы Калкаман Бердибаев билдирди.

«Россиялык жеке менчик «НОМОС» банкы Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындын 98%ын сатып алат. 2006-жылдан бери банк “Кыргызалтындын” алтыны менен күмүшүнүн негизги сатып алуучусу болуп саналат, анткени анын баалуу металлдарды сатып алуу сунуштары эў пайдалуу. Анын үстүнө кыргыз алтынын россиялык банк тарабынан сатып алуу жыл сайын өсүүдө», – деп айтты К. Бердибаев.

Басма сөз катчынын айтуусу боюнча, 2010-жылы «Кыргызалтын» «НОМОС» банкына 13,9 млн. доллар суммадагы өз кендеринен өндүрүлгөн 11,2 миў унция аффинаждалган алтынды саткан. Ошол эле жылы «Кыргызалтын» 653,9 млн. доллар суммага «Кумтөр» кен ишканасында өндүрүлгөн 539,5 миў унция алтынды сатып өткөргөн. Жалпысынан 2010-жылы «Кыргызалтындын» кендеринде 411,1 кг, а «Кумтөр» кен ишканасында 16 763, 3 кг алтын өндүрүлгөн.

«Ошол эле учурда 2011-жылы «Кыргызалтын» россиялык банкка 24 млн. доллар суммага 15 миў унция алтын сатып өткөргөн. “Кумтөр” кен ишканасынан алтын сатып өткөрүү ошол жылы 979,3 млн. доллар суммага 630 миў унцияны түзгөн», – деп кошумчалады К. Бердибаев.

К. Бердибаев белгилегендей, жалпысынан 2011-жылы «Кыргызалтындын» кендеринде 509,1кг, «Кумтөр» кен ишканасында 19 677,4 кг баалуу металл өндүрүлгөн.

Баса, «НОМОС» банкынын сайтында потенциалдуу кардарлар үчүн маалымат жайгаштырылган, анда банк россиялык аффинаж заводдорунун өндүрүшүнөн чыккан алтын жана күмүш уютмаларынын кеўири ассортиментин сунуш кылаары көрсөтүлгөн жана Кыргызстандан сатылып алынган алтын жөнүндө бир да сөз айтылбайт.

«НОМОС» банкынын тобу эў ири россиялык банк топторунун ичинде активдеринин өлчөмү боюнча 8-орунду жана эў ири россиялык жеке менчик универсал банктардын ичинде 2-орунду ээлейт: топтун консолидацияланган активдери 2011-жылдын 30-сентябрына карата 644,2 млрд. рублди, өздүк капиталы – 70,1 млрд. рублди түзгөн.

Маалымат үчүн:

1 доллар=29 рубль
100 сом = 62 рубль

Мадина Шералиева,
КирТАГ. Бишкек. 28-февраль, 2012-ж.