Шиналарды кайра иштетүү

Шиналарды кайра иштетүү

Жарыяланган: 18 November 2016

ТЕНДЕР ЖАБЫК

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК), бардык кызыккан тараптарды, тоо-кен техникасынын колдонулган шиналарын кайра иштетүү үчүн баа сунуштоо тендерине катышууга чакырат. Кайра иштетилүүчү шиналардын өлчөмдөрү: 27.00-49, 33.00-51, 37.00-57, 40.00-57, ичинде металл корд жана нейлон камтылган. КГК, утилизациялоо жана кайра иштетүүнүн бардык методдорун талкууга ачык, бирок шиналарды толугу менен ажыратуу жана экологиялык жактан эӊ таза методдоруна алгачкылык берилет. Шиналарды алып кетүү шарттары: Кумтөр кенинен же Балыкчы Өткөөл Базасынан өзүӊүздүн күчүӊүз менен жүктөп кетесиз.

Талаптар:

• Кайра иштетүү жараянынын кыскача түшүндүрмөсү;
• Ишкана тууралуу жалпы маалымат (юридикалык жактын мамкаттоодон өткөндүгү тууралуу сертификат, объектинин жайгашкан жери, жер участогунун энчилик акты);
• Ишкананын иш-аракетине жана шаймандардын иштөөсүнө уруксат берүүчү кагаздар (АПУ, эксплуатацияга берүү акты, чыгындыларга уруксат, экологиялык паспорт, шиналарды кайра иштетүү долбоору, анын ичинде экологиялык корутунду, утилизациялоо, сактоо, көмүү жана уулу заттардын калдыктарын жокко чыгаруу лицензиялары);
• Колдонулган шиналарды кайра иштетүү боюнча тажрыйба, мүмкүн болсо, башка ишканалар менен шиналарды кайра иштетүү үчүн түзүлгөн тастыктоочу кагаздар/келишимдер;
• 27.00-49, 33.00-51, 37.00-57, 40.00-57 өлчөмүндөгү шиналарды кесүү жана кайра иштетүү/утилизациялоо үчүн колдонулган шаймандар жөнүндө маалымат;
• Шиналарды кайра иштеп чыгуудан пайда болгон сырьё жөнүндө жана кийинки колдонулуусу жөнүндө маалымат;
• Чыгарылган сырьё жөнүндө экологиялык экспертизанын корутундусу жана КР аймагында колдонууга уруксаты.

Коммерциялык жактан жагымдуу жана экологиялык жактан коопсуз технологияны сунуштаган билдирүүчүлөр гана деталдуу сүйлөшүүлөр үчүн жана келишимдин жоболору менен шарттарын талкуулоо үчүн чакырылат.

Жогоруда белгиленген өлчөмдөрдөн кичине болгон шиналарды кайра иштетүү жөнүндө болгон сунуштоолор каралбайт. Азыркы учурда иштеп жаткан ишканаларга алгачкылык берилет.

Суроолоруӊузду жана сунуштарыӊызды kumtor_localbuyer@kumtor.com. электрондук дарегине, 2016 жылдын 9 декабрь, саат 17:00 чейин жөнөтүӊүз.

Кошумча суроолоруӊузду kumtor_localbuyer@kumtor.com. электрондук дарегине жөнөтсөӊүз болот.

Бардык сунуштоолор, оозу чапталган, бетинде «Тендер – тоо-кен техникасынын колдонулган шиналарын кайра иштетүү», деп жазылган конверттерде, 2016 жылдын 9 декабрь, саат 17:00 чейин, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 24, «Учкун» АК имаратынын 10-чу кабатында кабыл алынат.