«Кумтор Голд Компани» ЖАК (КГК) Кумтөр кен жайында иштеп жаткан ири жүк ташуучу унаалардан колдонуудан чыккан чоӊдуктагы фильтрлердин утилизациясын жана кайра иштетүүсүн уюштурууга конкурс жарыялайт

«Кумтор Голд Компани» ЖАК (КГК) Кумтөр кен жайында иштеп жаткан ири жүк ташуучу унаалардан колдонуудан чыккан чоӊдуктагы фильтрлердин утилизациясын жана кайра иштетүүсүн уюштурууга конкурс жарыялайт

Жарыяланган: 26 October 2018

АЯКТАГАН
Кумтөр Голд Компани ЖАК (КГК) бардык кызыкдар тараптарды жүк ташуучу тоо техникасында колдонулган узундугу – 5 смден (бошотулгандан кийин) 60 смге (бошотулганга чейин) чейинки чондуктагы, узундугу – 9 смдан 46 смге чейин болгон май фильтрлерин кайра иштетүү боюнча конкурска катышууга чакырат. КГК фильтрлерди утилизациялоо жана кайра иштетүү боюнча бардык методдорду талкуулого даяр экендигин билдирүү менен бирге, фильтрлерди толугу менен компоненттерге ажыратуу технологиясын колдонгон жана экологиялык жактан таза утилизациялоого негизделген методдорго артыкчылык көрсөтөт. Жүктү ташып чыгаруу шарттары: фильтрлер Кумтөр кен жайынан же болбосо Балыкчы өткөөл базасынан өз кучуӊүз менен ташып кетесиз.

Билдирүүчүлөргө коюлган талаптар:

  • кайра иштетүү боюнча технологиялык процесстин кыскача баяндамасы;
  • ишкана жөнүндө жалпы маалымат (юридикалык жактын мамлекеттик каттоо күбөлүгү, ишкананын жайгашкан жери, жер участогуна менчик укугу);
  • ишкананын ишмердүүлүгү жана иштеген жабдуулар үчүн уруксат документтери (архитектуралык-пландоо шарттары (АПШ), эксплуатацияга киргизүү акты, зыяндуу заттарды чыгаруу уруксаты, экологиялык паспорт, фильтрлерди кайра иштетүү долбоору жана анын экологиялык корутундусу, уулу заттардын жана материалдардын калдыктарын утилизациялоо, сактоо, көмүү, жок кылуу лицензиясы);
  • колдонулган фильтрлерди кайра иштетүү тажрыйбасы жөнүндө маалымат. Мүмкүн болушунча тийиштүү тастыктоочу документтер/фильтрлерди кайра иштетүү боюнча башка ишканалар менен түзүлгөн келишимдер тиркелсин;
  • фильтрлерди кайра иштетүү/утилизациялоо жабдуулары жөнүндө маалымат;
  • фильтрлерди кайра иштетүүдөн пайда болгон чийки заттар тууралуу маалымат жана аларды пайдалануу ыкмалары;
  • фильтрлерди кайра иштетүүдөн пайда болуп чыккан чийки заттарга берилген экологиялык корутунду жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу уруксаты.

Баасы, жүктү ташып кетүү шарттары, экологиялык жактан коопсуз технологиялары боюнча эӊ ылайыктуу билдирүүчүлөр гана деталдуу диалог үчүн жана келишимдин жоболору менен шарттарын талкуулоо үчүн чакырылат.

Азыркы учурда толук кандуу иштеп жаткан ишканаларга артыкчылык берилет.

Кошумча суроолорду, кызыккан тараптар ушул электрондук дарекке жиберсе болот:Kumtor.LocalBuyer@centerragold.com

Бардык коммерциялык сунуштар оозу чапталган, бетинде «Конкурс –жүк ташуучу чоӊ тоо техникасынан чыккан автомобильдик фильтрлерди кайра иштетүү» деп жазылган конверттин ичинде Бишкек шаары, Ибраимов көч. 24, Учкун редакциясынын имараты, 10 кабат дареги боюнча 2018 жылдын 23 ноябрь айы, саат 17:00 чейин кабыл алынат.