Тоң районунун Эшперов айылында насос станциясын калыбына келтирүү иштери аткарылып, суу тартып келүүчү каналдар оңдолду

Тоң районунун Эшперов айылында насос станциясын калыбына келтирүү иштери аткарылып, суу тартып келүүчү каналдар оңдолду

Жарыяланган: 12 June 2020

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК аймактар менен кызматташуу жана Ысык-Көл облусунун айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жардам берүү программасынын алкагында, айыл тургундары сунуштаган долбоорду карап чыгып, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Эшперов айылындагы насос станциясын жана суу тартып келүүчү каналды калыбына келтирүүгө 3 875 740 сом бөлүп берди. Бул долбоор Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду менен биргеликте ишке ашты, аталган Фонддун долбоорго кошкон салымы 170 миң сомду түздү. Бул Фонд «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын жылдык дүң кирешесинин 1% өлчөмүндөгү чегерүүсүнөн түзүлөрүн белгилей кетмекчибиз.

Эшперов айылынын калкы 2504 адамды түзөт. Аймактагы жагымдуу аба ырайы жашылча-жемиштерден жакшы түшүм алууга мүмкүндүк бергендиктен, тургундар негизинен жер иштетүү менен алектенет. 1990-жылга чейин, тактап айтканда, колхоздор иштеп турган убакта, аталган калктуу конуштун түндүк-батыш жеринин бөлүгүн насостун жардамы менен берилүүчү Ак-Сай дарыясынын суусу менен суугарышкан. Аймак 83 га сугат жерден жана 82 короо-жай тилкесинен турат. СССР кулагандан кийин колхоз жерлери үлүш жерлерге бөлүнүп, Эшперов айылынын тургундарына берилген. Финансылык каражаттын жетишсиздигинен насос станциясы иштен чыгып, жабдуулары жана тетиктери такыр эле эскирип бүткөн. Ага ылайык, аталган долбоор ишке ашканга чейин насос станциясы иштебей туруп калган. Фермерлер жыл сайын сугат суусунун тартыштыгына кабылып келген. Суткалык жөнгө салуу бассейнинен (БСР) берилүүчү суулар жетишпей, сугат убактысы түшкү 13.00дө эле токтоп калчу. Фермерлердин ортосунда сугат суу маселеси боюнча уруш-талаштар көбөйүп кеткен эле. Суунун жетишсиздигинен көптөгөн айдоого жарамдуу жерлер да иштетилбей келген.

Долбоор 2019-жылы башталып, 2020-жылдын июнунда аяктаган. ЦНС 300-120 насосу, 160 кВт трансформатор, түтүктөр сатылып алынып, орнотулду жана аймак ишке кирди. Жаңы насостук станцияны ишке киргизгенден кийин, жергиликтүү фермерлер аны андан ары пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү өз алдынча камсыздайт. Андан тышкары, бул долбоорду ишке ашыруу ушул аймактан жогору жайгашкан башка фермерлер үчүн кошумча шарттарды түзөт, анткени БСРден берилүүчү сугат суусу эми бирдей болуп, фермерлерге жетиштүү өлчөмдө бөлүнүп берилет.

Адамдардын демилгелери, алардын региондогу социалдык-экономикалык жагдайды жакшыртууга умтулуусу «Кумтөр Голд Компани» тарабынан дайыма колдоого алынып келген жана мындан ары да колдоого алынат. Эшперов айылынын жетекчилиги жана калкы айылдын жана бүтүндөй региондун курч социалдык-экономикалык проблемаларын чечүүгө кошкон салымы үчүн «Кумтөр» компаниясына ыраазычылык билдирип, мындан ары да кызматташа берүүгө ишеним артышты.