Кыргызстандын Премьер-министри «Centerra Gold Inc» Компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

Кыргызстандын Премьер-министри «Centerra Gold Inc» Компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

Жарыяланган: 30 August 2011

2011-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл областындагы «Кумтөр» алтын кенин иштетүү менен алектенген «Centerra Gold Inc» компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушууда компаниянын президенти Стивен Ланг Өкмөт башчысын компаниянын Директорлор кеңешинин Кыргызстанда жаңы мектептердин курулушун колдоого 10 миллион АКШ долларын бөлүү боюнча чечими жөнүндө маалымат берди. Компания каражаттарды бир ай аралыгында бөлүп бермекчи. Ал ошондой эле жакынкы күндөрдө Кыргызстандын өкүлү «Centerra Gold Inc» компаниясынын вице-президенти болуп дайындалаары жөнүндө маалымат берди.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда социалдык маанилүү долбоорлорду мындай колдоо компаниянын өлкөдөгү имиджинин өзгөрүүсүнө өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Себеби, Кыргызстандын эли компаниянын акционери болуп саналат эмеспи.

Премьер-министр, ошондой эле, алардын инвестициялары бүтүндөй өлкө үчүн пайда алып келиши жана алар өз инвестицияларынын корголуусуна ишенимдүү болушу үчүн өлкөнүн Өкмөтүнүн тоо-кен ишканалары менен ачык жана ак ниет иштөөгө ниетин баса көрсөттү.

Андан тышкары, тараптар компания тарабынан Социалдык фондуга төлөмдөрдү көбөйтүү жөнүндө макулдашууга келишти. Тиешелүү макулдашууга да жакынкы убакта кол коюлмакчы.

Жолугушуунун жыйынтыктарын чыгаруу менен, Алмазбек Атамбаев эң ири кенди өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштетип жаткан «Centerra Gold Inc» менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи жана компаниянын өлкөнүн тоо-кен секторун өнүктүрүү жана Кыргызстанга инвестицияларды көбөйтүү боюнча аракеттерин колдоого алды.

Өлкөнүн Өкмөтүнүн аракеттери менен жакынкы мезгилде компаниянын директорлор кеңешине Кыргызстандан мүчөлөрдүн саны 2ден 3 адамга чейин көбөйтүлөөрүн белгилеп кетүү керек.

 Мамлекеттик Интернет Портал www.gov.kg 

Фото РИА Новости ©