Балыкчы шаарында таштанды ылгоочу комплекс иштеп баштады

Балыкчы шаарында таштанды ылгоочу комплекс иштеп баштады

Жарыяланган: 06 January 2021

«Кумтөр» компаниясынын көмөгү менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында таштанды ылгоочу комплекс ишке кирди. Аталган комплекстин расмий ачылышы Жаңы жылдын алдында болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Азамат Анарбек уулу, шаардын мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын жетекчилери, активисттер катышты.

Мурда белгиленгендей, «Балыкчы шаарында таштанды ылгоочу комплекс өндүрүшүн уюштуруу» долбоору 2019-жылы Балыкчы шаарынын мэриясынын жетекчилиги тарабынан демилгеленип, «Кумтор Голд Компани» ЖАК Аймактык комитети тарабынан жактырылган. Россиядан алынып келүүчү таштанды ылгоочу жабдууларды сатып алууга «Кумтөр» компаниясы 4,9 млн сом бөлүп берген. Долбоорду ишке ашыруучу болуп Балыкчы шаарынын мэриясынын «Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо» муниципалдык ишканасы эсептелет.

Долбоордун максаты Балыкчы шаарынын шаардык таштанды жайындагы таштандыларды ылгоо өндүрүшүн уюштуруу жана андан ары экинчи сырьего кайра иштетүү болуп эсептелет. Натыйжада көл жээгинде жайгашкан региондун санитардык жагдайы жана экологиялык коопсуздугу жакшырмакчы, бул азыркы учурда өтө маанилүү маселе. Долбоор ошондой эле экономикалык негизди – жумуш орундарын түзүүнү, өзүн өзү актоону жана туруктуулукту камтыйт.

Долбоордун алкагында шаардын жашоочулары пластик буюмдардан шаарды тазалоого өздөрү түздөн-түз  жардам берүүгө өбөлгө боло тургандай кылып, Балыкчы шаарындагы коомдук жайларда пластик буюмдарды чогултуучу урна орнотулган.

Жыл сайын Балыкчы шаарындагы таштанды жайга орточо 23000 м3 таштанды төгүлөт. Жыл сайын таштанды жайга төгүлгөн таштандылардын көлөмү 10-15%га көбөйүп жатканын белгилей кетүү керек.

40 000ден ашык жашоочусу бар Балыкчы шаарындагы долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу бүтүндөй өлкө үчүн уникалдуу, пайдалуу жана үлгүлүү тажрыйба болуп калмакчы, анткени бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча таштанды жайлары таштандыны ылгоо боюнча тиешелүү жабдуулар менен камсыздалган эмес.