Барскоон айылында «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен кыргоол багуучу жай курулду

Барскоон айылында «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен кыргоол багуучу жай курулду

Жарыяланган: 02 April 2021

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында көргөзмөлүү кыргоолкана курулду. 3 миллион 844 миң сомго бааланган бул долбоор  «Central Asia Prospects» коомдук фондунун катышуусу жана «Кумтөр» компаниясынын финансылык колдоосу менен өткөн жылдын жай мезгилинде иштеп баштаган.

– Долбоордун негизги максаты – Ысык-Көл облусунун био түрдүүлүгүн сактоо, кыргоолдордун санын көбөйтүү жана Жети-Өгүз районунун айылдарында кыргоол чарбаларын түзүү болуп эсептелет, – деп түшүндүрдү, фермер Талант Шергазиев. – Жыл сайын биз жети-суулук 50 кыргоолду эркиндикке чыгарууга милдеттенебиз, андан тышкары жергиликтүү фермерлерге чоңоюп келаткан балапандарын багууга беребиз.

Барскоон капчыгайынын кире беришинде фермердик чарбалардын биринин базасында кыргоолкана куруу 2020-жылы башталып, өткөн жылдын аягында бүткөн, ал эми бир ай мурда Чүй облусунан 50 канаттуу алынган. Кыргоолдор толук көнүп, кадимкидей үйүр алып калышты, ал эми ургаачы кыргоолдор жумуртка тууй баштады. Алгачкы балапандары апрель айынын ортосунда чыгып калат деп күтүлүүдө.

Жаратылышты коргоо долбоорунун алкагында 50 жети-өгүздүк адам эки жумалык тренингден окуудан өтүштү. Алардын ичинен 10 адам – чакан грант программаларынын жеңүүчүлөрү. Канаттууларды, жабдууларды жана тоют-жемин сатып алууга акчаны канаттууларды багуу үчүн эң жакшы шарттары барлары алышат. Чакан гранттар программасынын алкагында апрель айында алар өздөрүнүн чакан кыргоолканалары үчүн 12ден жөжө алышат. Кыргоолдор – жөнөкөй болушат, аларды багуу кыйын деле эмес, болгону таза суу жана тоют менен камсыздап туруу керек. Аны менен бирге, канаттууларды кармоого сарпталган төмөн чыгымдарга салыштырмалуу кыргоолчулук кыйла рентабелдүү болуп эсептелет.

Долбоордун башка милдети – жаратылыш койнундагы браконьердикти жана кыргоолдорду атууну кыскартуу. Аларды баккан фермерлер эми пансионаттарга жана ресторандарга кыргоолдорду жана кыргоолдордун жумурткаларын мыйзамдуу негизде сата алышат.

Ошентип, туруктуу долбоор эки милдетти: аймактын био түрдүүлүгүн сактоону жана жергиликтүү тургундардын бакубаттыгын жогорулатууну дароо чечүүгө мүмкүндүк берет.

– Кыргоол багуу – салттуу түрдө малчылык же дыйканчылык менен менен алектенген Жети-Өгүз районунун фермерлери үчүн айыл чарбасында абсолюттуу жаңы багыт болуп эсептелет, – деп түшүндүрмө берди «Комсомольская правда» гезитине «Кумтор Голд Компани» компаниясынын аймактык өкүлү Кеңешбек Дүйшембиев. – Долбоорду ишке киргизердин алдында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын орнитологу экологиялык жагымдуулук жана жаратылыш койнундагы кыргоолдордун табигый көбөйүшү боюнча эффективдүүлүгүн эсептеди. Аны менен бирге демилгенин автору –  «Central Asia Prospects» коомдук фонду – бизнестин рентабелдүү түрү катары жаңы багытты кароодо. Бул этапта биз ага айылдыктар тараптан чоң кызыкчылык болорун көрүп турабыз, ошондуктан долбоордон көптү күтөбүз.