2019-жылга прогноз

• 2019-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү 535-565 миӊдей унция же 16,64-17,57 т болмокчу.

• Жалпы капиталдык чыгымдар, кыртыш ачуу иштерине чыгымдарды кошпогондо 58 млн долларды түзүмөкчү.

• Ɵнүктүрүүгɵ инвестициялар 14 млн доллар кɵлɵмүндɵ.

• Карьерди иштетүүдөгү кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруу чыгымдары 108 млн доллар ɵлчɵмүндɵ күтүлүүдɵ.

• Геочалгындоо иштерине  11 млн доллар жумшоо пландалды.

 

КГК эң ири салык төлөөчү жана эң көп иш орун камсыздоочу ишкана катары Кыргыз Республикасынын экономикасына зор салым кошуусун улантууда.

Жыл ичинде, КГК түркүн улам жакшыртуу демилгелерин жүзѳгө ашырып, жыйынтыгында АЫФ ѳндүрүмдүүлүгү артып, чыгымдарды кыскартууга мүмкүнчүлүк болду. КГК үчүн мындан ары да өндүрүштүк максаттарга коопсуз, экологиялык жана социалдык жоопкерчиликтүү жол аркылуу жетүү өтө маанилүү.

Иштеби, үйдөбү, кырсыктардын көрсөткүчүндө нөлгө жетишүү үчүн күрөшөбүз. Ушул баарынан маанилүү максатка СТОП-диалогдорду колдонуу, коопсуз иштөөдө жоопкерчиликти сезүү аркылуу, бирге жете алабыз.

Биздин келечек умтулуубуз туруктуу баалуулуктарды жана өсүштү жаратуучу биримдикке негизделген мыктыгерчилик маданиятын түптөө.


Видеотасмалар:


Жаңылыктар

16.08.2019

“Кумтɵр Үй-бүлɵ Күнү”

Курорттук сезон кызыган учурда, Балыкчы шаарында “Кумтɵр Үй-бүлɵ Күнү” аттуу өзгөчө майрам өткөрүлдү.

Centerra Gold

09.08.2019

“Центерра Голд” Компаниясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Стратегиялык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон шарттардын аткарылганы тууралуу жарыялайт

Торонто, Канада –  2019-ж. 7-августу,  – “Центерра Голд Инк.” Компаниясы (мындан ары – “Центерра”) (TSX: CG) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен 2017-жылы 11-сентябрда түзүлгөн Стратегиялык келишимдин күчүнө киришин алдын алуучу бардык шарттардын аткарылганын билдирет, ошентип бардык тараптар (Стратегиялык келишимде аныкталган) Биринчи акыркы мөөнөт аяктаганын тастыкташты.

07.08.2019

2019-жылдын экинчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

“Кумтөр” ишканасы жылдын башынан бери 9 тонна 370 килограмм алтын өндүрүп, өлкөбүздүн бюджетине салык жана милдеттүү төлөмдөрдү 4 миллиард 220 миллион сомдон ашык суммада которду. Компания 2019-жылдын экинчи чейрегинин жыйынтыктарын чыгарды. Кененирээк жаңылык сюжетинен көрүңүздөр.

Кумтор Оперейтинг Компани

05.08.2019

2019-жылдын экинчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2019-жылдын экинчи чейректкги өндүрүшүн жыйынтыктаты. КГК алты айда 301 373 унция1 же 9 373,76 кг алтын өндүрүп, 4,22 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

24.07.2019

15-МААРАКЕЛИК ЭКОЛОГИЯЛЫК БАЛДАР ЛАГЕРИ

Ысык-Көлдө «Кумтөр Голд Компанинин» каржылык колдоосу менен «Сарычат-Ээрташ» мамлекеттик коругуна караштуу «Сарычат» коомдук бирикмесинин 15-мааракелик экологиялык балдар лагери өттү.