«Ысык-Көл областынын жаштар банктары» долбоорунун биринчи этабында 40тан ашуун билдирме колдоого алынды

«Ысык-Көл областынын жаштар банктары» долбоорунун биринчи этабында 40тан ашуун билдирме колдоого алынды

Жарыяланган: 27 August 2013

kumtor_molbanki2«Кумтөр» компаниясынын финансылык колдоосу менен Борбордук Азиянын Евразия фонду тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан «Ысык-Көл областынын жаштар банктары» долбоорунун алкактарында чакан гранттарды алууга билдирмелердин биринчи конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды. «Жаштар банктарынын» мүчөлөрү тарабынан жамааттардын социалдык проблемаларын чечүүгө багытталган 40тан ашуун ийгиликтүү долбоорлор тандалып алынды. Жалпысынан комиссиянын кароосуна шаарлар менен калктуу пункттардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын жана спорт менен алектенүүнү пропагандалоого, ошондой эле маданий иш чараларды өткөрүүгө багытталган 80ден ашуун билдирме келип түшкөн.

Жыйынтыгында төмөнкүдөй долбооррлор тандалып алынды:

• Балыкчы ш. парктын, оорукананын жана поликлиниканын территориясында урналарды коюу; kumtor_molbanki
• Каракол ш. коомдук жайларында отургучтарды калыбына келтирүү;
• экологиялык тарбия жана экологиялык ой жүгүртүүнү колдоо – жергиликтүү жашоочуларга 7 пластик бөтөлкөнү жана 10 полиэтилен пакетти бир кездеме «эко-сумкага» алмаштыруу мүмкүнчүлүгү берилди;
• кол өнөрчүлүккө окутуу;
• билим берүү мекемелеринин китепканалары үчүн китептерди сатып берүү;
• мектептерди спорт менен алектенүү үчүн зарыл инвентарь жана форма менен камсыздоо;
• көпүрөнү ремонттоо;
• пляждарды таштандылардан тазалоо;
• калктуу пункттардын инфраструктурасын калыбына келтирүү ж.б.

Үстүбүздөгү жылы долбоордук сунуштарды кабыл алуунун экинчи этабы болот, анын алкактарында Ысык-Көл областынын жаштары сунуш кылышкан жаңы идеялар тандалып жана колдоого алынмакчы.

Гранттарды алууга конкурстарга Караколдо, Балыкчыда, Түптө, Бөкөнбаевде, Тамгада жана Кызыл-Сууда жашашкан 14 жаштан 28 жашка чейинки курактагы жаштар катышты. Жеке да, жамааттык да билдирмелер кабыл алынды, а долбоорду жүзөгө ашырууга суралган сумма 1000 АКШ долларынан ашпоого тийиш болгон. Тандалып алынган долбоорлордун тизмеси бул жерде жеткиликтүү.

««Кумтөр» компаниясынын колдоосунан улам «Жаштар банктары» идеясы Ысык-Көл областында ийгиликтүү киргизилүүдө. Мен жаштарды «Жаштар банктарынын» ишине активдүү катышууга жана конкурска өз билдирмелерин берүүгө чакырам. Сиздердин идеяңыздар сөзсүз каралат, а мыктылары колдоого алынат», – деп белгиледи Борбор Азиядагы Евразия фондунун аткаруучу директору Динара Мусабекова.