«Кумтөр» Ош облустук кан борборун 100 кВт кубаттуулуктагы генератор менен камсыздады

«Кумтөр» Ош облустук кан борборун 100 кВт кубаттуулуктагы генератор менен камсыздады

Жарыяланган: 12 August 2022

“Кумтөр Голд Компани” Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы калкты тейлеген Ош облустук кан борборуна кубаттуулугу 100 кВт болгон жаңы дизелдик генератор сатып берди.

Ош облустук кан борбору өз алдынча саламаттыкты сактоо уюму катары 2002-жылдын февраль айынан бери иштеп келет. Аталган борбордо жыл сайын 4 тоннадай донордук кан даярдалат. Албетте ал жактагы кан жана анын компоненттерин коопсуз сактоо маселесине дагы өзгөчө көңүл буруу керек эле.

Ушуга байланыштуу электр жарыгы узак убакытка өчүп калган маалда (6-8 саат), кан жана анын компоненттери сакталган төмөнкү температурадагы камералык түзүлүштөрдүн блокторун үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн кубаттуу генераторду сатып алуу муктаждыгы пайда болгон.

«Биздин борборго орнотулган дизелдик генератор үчүн “Кумтөргө” абдан ыраазыбыз. Электр жарыгы үзгүлтүккө учураса, бизде көйгөй болбойт. Эми биздин стратегиялык кан запастарыбызга эч кандай коркунуч жок. Буга чейин бул маселени чечүү үчүн облустук администрацияга, Саламаттыкты сактоо министрлигине бир нече жолу кат менен кайрылганбыз. “Кумтөр” азыр толугу менен Кыргызстандын карамагына өтүп, бүтүндөй өлкө боюнча жардам көрсөтүп жатканы абдан жакшы”, – дейт Ош облустук кан борборунун директору Мелисбек Ормонов.