“Кумтөр” боюнча парламенттик комиссиянын отчетунун Көз карандысыз экспертизасынын натыйжалары жарыяланды

“Кумтөр” боюнча парламенттик комиссиянын отчетунун Көз карандысыз экспертизасынын натыйжалары жарыяланды

Жарыяланган: 09 October 2012

«Кумтөр» боюнча парламенттик комиссиянын отчетунун Көз карандысыз экспертизасынын натыйжалары жарыяланды “Призма” көз карандысыз компаниясы 2012-жылдын февралында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын отчетун (мындан ары “Отчет”) анализдеди жана бул Отчетту көз карандысыз баалоону берди. Өзүнүн документинде “Призма” компаниясы Отчетто жасалган корутундулар жаңылыш, негизсиз же апыртылган экендигин белгилейт. Отчетто буга чейин жарыяланган маалыматтарга, анын ичинде өкмөттүк отчеттордун маалыматтарына, көп сандаган текшерүүлөрдүн жана көз карандысыз аудиттердин натыйжаларына толук текебер мамиле жасалган. “Призма” көз карандысыз компаниясы Отчетту негизделбеген, объективдүү эмес жана далилдер менен бекемделбеген документ катары мүнөздөйт.

Америкалык “Призма” компаниясынын көз карандысыз эксперт экологдору парламенттик комиссиянын Кыргыз Республикасында жайгашкан “Кумтөр” кен ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө Отчетун анализдеп чыгышты жана өздөрүнүн корутундуларын беришти, алар өзүнө төмөнкү жети башкы экологиялык маселени камтыйт:
1) калдыктарды сактоочу жайдын жана Петров көлүнүн абалын;
2) экология жана биологиялык ар түрдүүлүк маселелерин;
3) мөңгүлөрдүн абалын жана суунун чыгымдалышын;
4) жер астындагы суулардын жана түбөлүк тоңдун абалын;
5) жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүн;
6) өндүрүштүн калдыктарын көмүүнү;
7) компаниянын ишмердүүлүгүнө тиешелүү маалыматтардын тактыгын жана анын ачыктыгын.

“Призманын” отчетунун англис жана орус тилдериндеги толук тексти менен “Призма” компаниясынын сайтынан: (www.prizmasolutions.com), ошондой эле «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» сайтынан тааныша аласыздар.

Көз карандысыз анализ корпоративдик жоопкерчилик маселелери менен алектенген, ошондой эле “Курчап турган чөйрөгө экономикалык жана социалдык таасирлердин анализи” эл аралык уюмунун (ESIA) консультанты, ишкер администрациялоонун магистри, табият таануу илимдеринин магистри жана “Призма” компаниясынын директору да болуп саналган Мирдад Назари тарабынан илимдердин кандидаты, биологиялык ар түрдүүлүк маселелери боюнча адис, ESIA консультанты жана “Призма” компаниясынын илимий кызматкери Дон Пребстель менен биргеликте жүргүзүлгөн.