2018-жылдын биринчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

2018-жылдын биринчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

Жарыяланган: 15 May 2018

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2018-жылдын биринчи чейректкги өндүрүшүн жыйынтыктаты. КГК үч айда 100220 унция¹ же 3117,19 кг алтын өндүрүлүп, 2,23 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которулган.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2018-ж. биринчи чейрегинде 100220 унция алтын өндүрүлгөн (салыштырууга: 2017-ж. ушул мезгилдин көрсөткүчү 127400 унция).
Өндүрүштүн төмөндөшү фабрикада Сарытөрдөн алдын ала кампага топтолгон жарды руда иштетилген, ал эми өткөн жылы ушу мезгилде фабрикага борбордук карьердин №17 участогунан келип түшкөн байыраак руда иштетилгени себеп.
2018-ж. I чейрегинде 116919 унция, же 3,64 тонна алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2018-ж. биринчи үч айында 153 млн долларды2 түзгөн.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта ш. аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААК гана ээ.

Операциялык жумшоолор жана бардык көрсөткүчтөр:

2018-ж. биринчи чейрегинде кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, операциялык жумшоолор (продукцияны сатып өткөрүүнүн эсебинен алганда) 2017-ж. ушундай чейрегиндеги 81,9 млн доллардан 10,6 млн долларга кыскарган жана 71,3 млн долларды түзгөн. Төмөндө кыртыш иштерин кошо алганда, бирок, материалдык өндүрүштүк запастардын көлөмүндөгү өзгөрүүлөрдү эсепке албагандагы операциялык чыгымдардын негизги багыттарынын (тоо-кен иштери, фабрикалык кайра иштетүү жана кен ишканасын кармап туруу) динамикасы көрсөтүлгөн:

Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, тоо-кен иштерин жүргүзүүгө чыгымдар (2018-ж. биринчи чейреги 2017-ж. биринчи чейрегине салыштырылуу менен):
2018-ж. биринчи чейрегинде кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, тоо-кен иштерине жалпысынан 51,1 млн доллар жумшалды, бул 2017-ж. ушу мезгилиндеги мындай көрсөткүчтөн 3,4 млн долларга көп. Көбөйүү өзүнө дизель отунун сатып алуу чыгымдары өсүшүн (5,3 млн доллар) камтыйт, ал руда казып алуу көлөмү көбөйүшүнө байланыштуу көбүрөөк дизел чыгымдалышы жана дизелдин баасы өсүшүнөн, жана доллардын курсу жагымсыз өйдө-төмөн секиргени эмгек акы төлөөгө чыгымдарын жогорулатканы (0,8 млн доллар) үчүн болду. Чыгымдардын өсүшү 2018-ж. биринчи чейрегинде 2017-ж. ушул мезгилине салыштырмалуу “Хитачи” экскаваторлорун жана жүк ташуучу машиналардын эксплуатация мөөнөтүн көбөйтүүнүн натыйжасында техникалык тейлөөгө чыгымдардын төмөндөшүнөн бир топ (2,6 млн доллар) азайтылган.

Руданы фабрикалык кайра иштетүүгө чыгымдар (2018-ж. биринчи чейреги 2017-ж. биринчи чейрегине салыштырылуу менен):
2018-ж. биринчи чейрегинде руданы фабрикалык кайра иштетүүгө чыгымдар 15,5 млн долларды түздү, 2017-ж. ушул кварталында 15,4 млн доллар болгон. Фабрикада химиялык реактивдерди алууга чыгымдардын көбөйүшү (0,7 млн доллар) негизинен кайра иштетилүүчү руданын тоннажынын өсүшү менен байланышкан. Бул чыгымдар 1018-ж. биринчи чейрегинде 2017-ж. мартындагыдай футеровканы алмаштырууга каражат (0,7 млн доллар) чыгымдалбаганы менен орду толтурулган.

Кен ишканасын кармап турууга чыгымдар (2018-ж. биринчи чейреги 2017-ж. биринчи чейрегине салыштырылуу менен):
2018-ж. биринчи чейрегинде кен ишканасын кармап турууга чыгымдар жалпысынан 12,9 млн. долларды түздү, 2017-ж. ушундай чейрегинде 10,7 млн доллар болгон. Бул өсүш негизинен тамак-аш азыктарын сатып алууга чыгымдардын көбөйүшү жана башка чыгымдар менен байланышкан.

Өндүрүштүк жыйынтыктар


1 – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
2 – Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.
3 – Тегерекөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн
4 – «Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрүнө кирбейт жана Центерранын 2018-жылдын 1-майындагы пресс-релизинде “Non-GAAP Measures” бөлүмүндө баяндалат
5 – Финансылык көрсөткүчтөр «Центерранын» пресс-релизине негизделген

КР казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2018-жылдын алгачкы үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 2,23 миллиард сомдон ашты.

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.

2018-жылга прогноз

Кумтөр ишканасында 2018-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү 450-500 миӊдей унция же 14,15-15,55 т болмокчу. Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4 ар бир сатылган унциясына 733-815 доллар өлчөмүндө күтүлүүдө. Кумтөрдө 2018-жылы жалпы капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерин кошпогондо) 63 млн доллар өлчөмүндө пландаштырылууда. Негизги фондуларды колдоого4 49 млн доллар көлөмүндөгү чыгымдар негизинен оор тоо-кен техникасыннын капиталдык ремонту жана алмаштыруу менен байланышкан (42 млн доллар). Кумтөрдөгү өнүктүрүүгө жумшоолор4 2018-жылы 14 млн доллар суммасында пландалууда жана көбүнчөсү калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынын курулушу менен байланышкан (9 млн доллар). 2018-жылы карьерди иштетүүдөгү кыртыш ачуу иштерине капиталдаштырылган жумшоолордун акчалай курамы 2018-жылы жалпысынан кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга бөлүнгөн 168 млн доллардын ичинен 122 млн доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

Башкы кызмат адамынын комментарийи

Центерранын Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Пери 2018-ж. биринчи чейрегинин натыйжаларына мындай комментарий берди: “Мен биздин Work Safe – Home Safe коопсуздук программасы менен компаниянын бардык өндүрүштүк бөлүмдөрү камтылганын билдирүүгө кубанычтамын жана эми биз иш орунундагы нөлдүк травматизм маселесин чечүүгө чыгабыз. Биз эмитен эле эмгектин коопсуздугу боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруудан алгачкы оң натыйжаларды көрүп жатабыз: 2018-ж. 11-апрелинде Кумтөр кен ишканабыз көрүнүктүү көрсөткүчкө жетишти – ал бүт жыл бою 6 миллион адам-саат убактылуу эмгеккке жөндөмдүүлүктү жоготуу менен бир да травмасыз иштеди”.

***
Кумтөр кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2018-жылдын 31-мартына чейин Кумтөрдө жалпысынан 11,6 млн унция же 360 тонна алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

«Центерра» Түндүк Америка, Азия жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, иштетүү жана өркүндөтүү менен алек, Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчү компания. «Центерранын» эки негизги активи – Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар жана Түркияда 100% ээ болгон Оксүт кенинде үчүнчү өндүрүшүн курууда. «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада негизделет.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу 77 401 766 акция үлүшү менен «Центерранын» эң ири акционери. 2018-жыл, 15-майга карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 443 млн доллардан ашты.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат жана пресс-релиз толугу менен SEDAR www.sedar.com системасында жана www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.

Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.
Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 media@kumtor.com
– Соңу –