2017-жылдын II чейректеги өндүрүштүк натыйжалары

2017-жылдын II чейректеги өндүрүштүк натыйжалары

Жарыяланган: 16 August 2017

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2017-жылдын II чейрегиндеги ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Биринчи жарым жылдыкта “Кумтөрдө” 266 023 унция1 же 8 274,25 кг алтын өндүрүлгөн. КГК жыл башынан бери 4,7 миллиард сомдон ашуун салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Өндүрүш жана сатып өткөрүү

2017-ж. экинчи чейрегинде Кумтөрдө 138 623 унция алтын өндүрүлгөн, а 2016-ж. ушул эле мезгилинде өндүрүүнүн көлөмү 97 724 унцияны түзгөн. Бул көбөйүү кайра иштетүүгө №17 иш участогунан мурдагы жылдары алынган кампалык запастардагы бай руданы  пайдалануунун натыйжасы.  Бул рудадагы алтындын курамы 2016-ж. ушул чейректе №17 иш участогунун баштапкы баскычтарынан кайра иштетүүгө казып алынган рудадагыга караганда жогору болгон. 2017-ж. экинчи чейрегинде фабрикага алтындын орточо курамы 3,53 г/т руда берилген, ылгап алуу 79,3%ды түзгөн, а 2016-ж. ушул чейректе бул көрсөткүчтөр тиешелүү түрдө 2,63 г/т жана 71,9%ды түзгөн.

2017-ж. II чейрегинде 135 235 унция, же 4,21 тонна алтын сатып өткөрүлдү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 168,6  млн долларды2 түздү.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта ш. аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КРдин аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААК гана ээ.

Операциялык жумшоолор менен комплекстүү иш-чаралар

Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүү көрсөткүчтөрүнүн негизинде) 2017-ж. экинчи чейрегинде 2016-ж. ошол кварталына салыштырмалуу 22,2 млн долларга кыскарып,  39,3 млн долларды түзгөн, бул 2017-ж. экинчи кварталында капиталдаштырууну ишке ашырууда №18 иш участогундагы бош текти ташып чыгаруунун олуттуу көлөмүн кошо алганда, жүктөрдүн тоннажынын 23%га көбөйүшүн чагылдырат.

Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, операциялык жумшоолор 86,7 млн долларды түздү, ошол эле учурда 2016-ж. ушул кварталында алар 80,5 млн долларды түзгөн. Товардык запастар өзгөргөнгө чейинки операциялык жумшоолордун башкы беренелери боюнча (тоо-кен иштери, фабрикалык кайра иштетүү жана кен ишканасын тейлөө) көбөйүшүнүн себептери төмөндө түшүндүрүлөт.

Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда тоо-кен иштерин жүргүзүүгө жумшоолор (2017-ж. экинчи кварталы 2016-ж. экинчи кварталына салыштырмалуу):

Кыртыш ачуу иштерин кошо алганда, тоо-кен иштерин жүргүзүүгө жумшоолор 2017-ж. экинчи кварталында жалпысынан 48,2 млн долларды, башкача айтканда 2016-ж. ушул эле кварталына салыштырмалуу 1,3 млн долларга көптү түздү. 2017-ж. экинчи кварталындагы жумшоолордун өсүшү техникалык тейлөөгө жумшоолордун өсүшү, атап айтканда, Liebherr маркасындагы экскаваторлор менен бульдозерлер үчүн ремонт иштеринин өскөн көлөмү (1,1 млн доллар), ошондой эле жамааттык келишимдин жогору баалары боюнча эмгек акы төлөөгө жумшоолордун өсүшү (1,0 млн. доллар) жана кыргыз сомунун 2016-ж. ушундай мезгилине салыштырмалуу бекемделиши менен түшүндүрүлөт. Бул алардын керектелүү көлөмүнүн азаюусуна жана алардын сатып алуу баасынын төмөндөшүнө байланыштуу автоунаа покрышкаларын сатып алууга жумшоолордун кыскарышы (1,0 млн. доллар) менен жартылай компенсацияланган.

Фабрикалык кайра иштетүүгө жумшоолор (2017-ж. жана 2016-ж. II чейректери салыштырмалуу):

Фабрикалык кайра  иштетүүгө жумшоолор 2017-ж. экинчи кварталында 16,5 млн долларды түздү, а 2016-ж. ушул кварталында алар 15,7 млн. долларды түзгөн. Жумшоолордун өсүшү 2017-ж. экинчи кварталында жарым-жартылай өзү майдаланылуучу жана жеткире майдалоочу тегирмендерде футеровкаларды алмаштыруу менен байланышкан коштоочу техникалык жумуштардын графигине байланыштуу жүрдү, бул 2016-ж. ушул кварталында жүргүзүлгөн эмес. Бул анын керектелүү көлөмүнүн азаюусуна жана анын сатып алуу баасынын төмөндөшүнө байланыштуу цианидди сатып алууга жумшоолордун кыскарышы (0,8 млн. доллар) менен жарым-жартылай компенсацияланган.

Кен ишканасын тейлөөгө чыгымдар (2017-ж. жана 2016-ж. II чейректери салыштырмалуу):

Кен ишканасын тейлөөгө чыгымдар 2017-ж. экинчи кварталында жалпысынан 11,3 млн. долларды түзгөн, а 2016-ж. ушул кварталында алар 10,9 млн. долларды түзгөн. Кен ишканасын тейлөөгө жумшоолор жамааттык келишимдин жогору баалары боюнча эмгекке акы төлөөгө жумшоолордун өсүшүнө жана кыргыз сомунун 2016-ж. ушундай мезгилине салыштырмалуу бекемделишине байланыштуу да, андан тышкары, кен ишканасынын эмгек өндүрүмдүүлүгүн максималдуу жогорулатуу максатында инфраструктуранын айрым системаларына жүргүзүлгөн модернизациялоого да байланыштуу олуттуу эмес өстү.

Башка жумшоолордун динамикасы:

Коштоочу продуктынын эсебинен улам жана сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде4 негизги фондуларды кармап турууга жалпы чыгымдар (ага дүң кирешеге салык кирбейт) 2017-жылдын экинчи кварталында 780 долларды түздү, а 2016-жылдын экинчи кварталында 768 долларды түзгөн, башкача айтканда 2%га көбөйгөн. Бул көбөйүү кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруунун 28,5 млн. долларга көбөйүүсү менен байланышкан, себеби 2017-ж. экинчи кварталында кен ишканасы №18 участокко жана Сары-Төр карьерине басым жасаган жана, мына ушундайча, №17 участоктун төмөнкү баскычтарынан арзыныраак руданын кампалык запастарын кайра иштетүүдөн үнөмдөөнү азайткан.

Коштоочу продуктынын эсебинен улам жана сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде4 негизги фондуларды кармап турууга жалпы чыгымдар (ага дүң кирешеге салык кирет) 2017-жылдын экинчи кварталында 956 долларды түздү, ошол эле учурда 2016-ж. экинчи кварталында алар 945 долларды түзгөн. Бул көбөйүү негизги фондуларды кармап турууга жалпы чыгымдардын өсүшү менен байланышкан (кар. түшүндүрүү жогоруда).

“Кумтөр” долбоору боюнча өндүрүштүк көрсөткүчтөр

 

II чейрек, 30-июнга карата I жарым жылдык, 30-июнга карата
2017 2016 % өзгөрүү 2017 2016 % өзгөрүү
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн. USD)2 168,6 161.6 4% 332,8 234,8 42%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын4 өздүк наркы (млн.  USD) 80,3 118 (32%) 152,6 149,5 2%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын4 өздүк наркы (унциясына USD) 594 923 (36%) 565 788 (28%)
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 42 855 34 744 23% 81 857 74 018 11%
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 12 2,891 (100%) 12 4,717 (100%)
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң  тонна) 1 537 1 609 (4%) 3 072 3 151 (3%)
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 3,53 2,63 34% 3,53 2,46 44%
Алтынды ылгап алуу коэффициенти (% менен) 79,3% 71,9% 10% 77,6% 73,3% 6%
Өндүрүлгөн алтын (унция менен)1 138 623 97 724 42% 266 023 184 168 44%
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 4 311,66 3 039,56 42% 8 274,25 5 728,27 44%
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен)1 135 235 127 909 6% 269 917 189 654 42%
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг  менен) 4 206,28 3 978,42 6% 8 395,36 5 898,90 42%
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы4 (унциясына USD 1 247 1 264 (1%) 1 233 1 238 0%
Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого)4 (млн. USD) 13,5 13,6 (1%) 28,7 36,6 (22%)
Капиталдык жумшоолор (өнүктүрүүгө)4 (млн. USD) 4,9 5,4 (10%) 5,8 10,1 (43%)
Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)4 (млн. USD) 47,4 18,9 151% 94,2 29,3 221%
Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн негизинде)4 39,3 61,5 (36%) 77,2 80,4 (4%)
Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор4 (унциясына USD) 329 511 (36%) 315 466 (32%)
Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4 (сатып өткөрүлгөн унцияга USD) 780 768 2% 771 817 (6%)

1 – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
2 – Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.
3 – Тегерекөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн
4 – «Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор», «Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор», салыктарды эсепке алган жана албаган «Бардык жумшоолор», доллар менен сатып өткөрүлгөн бир унцияга, «Сатып өткөрүлгөн продукциянын орточо баасы» менен «Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы» сатылган унцияга кайра эсептөөлөрдөгү, Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого жана өнүктүрүүгө), Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн негизинде), Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрүнө кирбейт.

КР бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2017-ж. II чейрегиндеги КР бюджетине салыктар, социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 2,5 миллиард сомду түздү.

“Кумтөр” долбоору боюнча 2017-ж. алты айындагы салыктар жана милдеттүү төлөмдөр

2017-ж. 30-июнга карата USD
Дүң кирешеге салык 50 209 383
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым 3 862 260
Экологиялык төлөм 310 000
Кызматкерлердин кирешесине салык 2 418 903
КРдин Социалдык фондуна төлөмдөр 10 658 357
Бажы төлөмдөрү 288 207
Резидент эместердин кирешесине салык 321 232
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 351 597
Бардыгы 68 419 939
30.06.2017-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу 69,1367
Төлөмдөрдүн эквиваленти сом менен 4 730 328 788,65

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.

Комментарий

“Центерра Голд” компаниясынын Башкы кызмат адамы Скотт Пери мындай деп белгиледи: “Экинчи чейректе биз компаниянын бардык бөлүмдөрүндө “Work Safe, Home Safe” деген коопсуздуктагы лидерлик программасын киргизүүнү уланттык, бирок, 1-чейректеги отчётто билдиргендей, көрсөткүчтөрүбүзгө апрелдин башында “Кумтөрдө” болуп өткөн кайгылуу капилет кырсык көлөкө түшүрдү.

“Кумтөрдөгү” алтын өндүрүүнун жылдык прогнозун 525 000 – 555 000 унция чектеринде белгилөө менен көбөйттүк. Андан тышкары, негизги фондуларды колдоого чыгымдар боюнча эсептик пландык көрсөткүчтөрдү4 сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына 751-795 доллар деңгээлине чейин төмөндөттүк. Бизде алтын өндүрүү көлөмдөрү боюнча түзөтүлгөн жылдык көрсөткүчтөрдү ийгиликтүү аткара турганбызга жана компания негизги фондуларды колдоого көрсөткүчтөр боюнча дүйнөлүк мыкты алтын өндүрүүчүлөрдүн ичине кирерибизге бардык негиздер бар”.

***

Кумтөр кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2017-жылдын 30-июнуна чейин Кумтөрдө жалпысынан 11,203 млн унция же 348,455 тонна алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

Centerra Gold Inc. («Центерра») Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген алтын өндүрүүчү канадалык компания. «Центерра» Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү. «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн – 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2017-жыл, 16-августка карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 425 млн доллардан ашты.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат жана пресс-релиз толугу менен SEDAR системасында www.sedar.com жана www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.