«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) Бишкек шаарынын борборунда Панфилов, 178 көчөсүндө  жайгашкан жаңы кеңсеге көчүп жаткандыгы тууралуу кабарлайт

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) Бишкек шаарынын борборунда Панфилов, 178 көчөсүндө  жайгашкан жаңы кеңсеге көчүп жаткандыгы тууралуу кабарлайт

Жарыяланган: 16 June 2022

Компания жалпы аянты 5000  чарчы метр «А» классындагы кеңсени ижарага алуу боюнча келишим түздү. Жаңы кеңседе 2021-жылдын декабрында түзүлгөн жана «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын тышкы менеджери болуп саналган «Улуу Көчмөндөр Мурасы» (Холдинг) Улуттук холдинг компаниясынын түзүмдөрү да жайгашат.

Кеңсени көчүрүү бардык бөлүмдөрдү бир жерге бириктирүү чечимине, өндүрүштүк-чарбалык иштерди кеңейтүүгө, жогорку квалификациялуу адистерди тартууга байланыштуу кошумча жумуш орундарын түзүүгө, келген меймандар жана кызматкерлер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү саясаты,  ошондой эле бөлүмдөр арасындагы функционалдык жана технологиялык байланышты туура уюштурууга байланыштуу болуп саналат. Компания Ибраимов, 24 көчөсүндөгү «Учкун» ААКтын имаратындагы мурунку кеңседе 25 жыл иштеди. Бул убакыт аралыгында кеңсе мейкиндигин түзүү менен бирге жумушчу мейкиндигине карата талаптар да өзгөрдү.

«Учкундун» имаратындагы кеңселер 70-жылдары советтик “кабинет” системасы боюнча долбоорлонуп, учурдагы эл аралык стандарттарга жооп бербейт, имараттын эскилиги жеткендиктен жумуш процессине түздөн-түз таасирин тийгизген жылуулук, электр энергиясындагы үзгүлтүктөр, вентиляциялык системанын жоктугуна байланыштуу чарбалык мүнөздөгү көйгөйлөр топтолуп турган. Ижарага алынган жайдын инфраструктурасы ыңгайсыз, имаратта эки гана лифт бар, анын биринин мезгил-мезгили менен өчүп калуусу лифтке узун кезекти жаратып, Компаниянын кызматкерлери жана меймандары жогорку кабаттарга (10-кабатка, 14-кабатка) тепкич менен чыгууга аргасыз. Өз кезегинде Компанияга лифттерди өз эсебинен алмаштырууга туура келген.

КГК менен Холдингдин жаңы кызматкерлерин жайгаштыруу маселеси да курч болду. Ошентип, мурунку ижарага берүүчү кошумча кеңсе аянты менен камсыздай албагандыктан жана мезгил талабына жана Компаниянын керектөөсүнө ылайык кызмат көрсөтө албагандыктан көчүү темасы чыкты.

Заманбап кеңсе кандай болушу жана кандай иштеши керек деген бардык талаптарга «Кумтөрдүн» жаңы кеңсеси толугу менен жооп берет.

Жаңы кеңсе КГК менен Холдингдин долбоорлорунун керектүү сандагы кызматкерлерин жайгаштыра алат.

Белгилей кетсек, Компания алдын ала чоң иш жүргүзүп Бишкек шаарындагы жаңы кеңселердин ар кандай варианттарын караштырып чыкты.  Бирок алардын баары көп параметрлер боюнча талаптарга жооп берген эмес (жайгашкан жеринин ыңгайсыздыгы, жер астындагы жана жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайлардын жоктугу, аянттын жетишсиздиги, коопсуздук эрежелерине туура келбеген имараттар ж.б.).

Жаңы  кеңсенин ижара акысы адекваттуу орточо рыноктук баа менен шартталган. Ал Холдингдин макамын көрсөтүп, анын имиджине таасир этет, жолугушууларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө, инвесторлорду жана потенциалдуу өнөктөштөрдү кабыл алууга        мүмкүндүк берет.

“Улуу Көчмөндөр Мурасы” Улуттук холдинги өлкөдөгү жаңы кендерди иштетет, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырат. Учурда КГКнын Бишкектеги кеңсесинде 345 адам иштейт. Холдинг тарабынан тоо-кен өндүрүш долбоорлору боюнча 50-70  адисти, суу энергетикалдык долбоорлор боюнча 30-40 адисти, ошондой эле инфраструктуралык долбоорлор үчүн 40тан ашык адисти тартуу пландалып жатат. Баардыгы болуп 500 гө жакын кызматкер жаңы кеңсеге көчүп келди.

Бишкектеги жаңы кеңсе – КГК менен Холдингдин алдыда ондогон жылдарга созула турган узак мөөнөттүү ишмердүүлүгүнүн түздөн-түз далили.  Кеңсени көчүрүү – Компаниянын өнүктүрүү концепциясынын бир бөлүгү болуп эсептелет.  Кыргыз Республикасын өнүктүрүү боюнча келечектүү стратегиялык пландарыбызды ишке ашыруу үчүн мындай ыңгайлуу шарт сөзсүз керек.

Сүрөттө “Учкундагы” эски кеңсе.