«Кумтɵр Голд Компани» «Жайлоодогу Балдарды ɵнүктүрүү мобилдүү борборлору» долбоорун колдоду

«Кумтɵр Голд Компани» «Жайлоодогу Балдарды ɵнүктүрүү мобилдүү борборлору» долбоорун колдоду

Жарыяланган: 16 August 2018

Быйылкы сезондо «Кумтɵр Голд Компани» Ысык-Кɵл облусунун Жети-Ɵгүз жана Тоң райондорунда «Жайлоодогу Балдарды ɵнүктүрүү мобилдүү борборлору» менен кызматташууну улантты. Компания борборлордун үзгүлтүксүз иштешине керектүү буюмдар менен жабдууга 215 миң сом каражат бɵлдү.

Ушу жылы Жети-Ɵгүз жана Тоң райондук борборлору балдардын чыгармачылыгын өркүндөткөн оюнчуктарды жана кеңсе товарлардан сырткары, аудио жабдуусун кошо алышты. Мындан тышкары, берилген каражатка борборлордун окутуучуларына методикалык колдонмолор да даярдалды. Быйыл эки райондун аймагында борборлордун саны кɵбɵйгɵн – Барскоон капчыгайында дагы бир мобилдүү борбор ачылып, жалпы тренингдерден тышкары, балдар борбордо менталдык арифметиканын кɵндүмдɵрүн да окушууда.

Мындай борборлор «Роза Отунбаеванын демилгелери» коомдук фонд долбоорунун алкагында иштейт жана компания долбоор негизделгенден тартып кызматташат. Үч жыл ичинде «Кумтɵр Голд Компани» Ысык-Кɵл облусундагы Тоң жана Жети-Ɵгүз райондук балдар борборлорун кеңсе товарлары жана китептер менен камсыздоого жардам берген ал эми кызматкерлер борборлорго барып турушат. Кумтɵрчүлɵр жылыга ар кандай мастер-класстарды ɵткɵрүп, балдар үчүн оюндарды уюштуруп келет.

Маалымат үчүн: «Балдарды ɵнүктүрүү борборлору» «Жайлоодогу бала бакчалар» долбоорунун уланышы. Долбоор жайлоого чыгккан малчылардын балдарына мектепке даярдануу, жайкы эс алууда окуусун улантуу жана мобилдүү борборлор аркылуу башка балдар менен баарлашуу мүмкүндүгүн берет. Окутуучулар күнүнɵ үч сааттан балдардын сүйлɵɵ, эсептɵɵ жана башка кɵндүмдɵрүн ɵнүктүрүүгɵ ɵбɵлгɵ түзүүчү сабактарды ɵтүшɵт. «Балдарды ɵнүктүрүү борборлору» билимге бирдей жеткиликтүүлүк берүүгɵ багытталган. Долбоор алыскы райондордо жайгашкан, жетүүгɵ кыйын, бийик тоолуу жайлоолорго кɵңүл бурат. Мобилдүү борборлор мектепке чейинки курак балдарына негизги билим берүү үчүн бардык зарыл нерселер менен жабдылган боз үйлɵрдɵ жайгашат. Алыскы жайлоолордо электрдин, оюн аянтчалары, китептер, оюнчуктар, компьютерлер жана кесипкɵй окутуучулары менен борборлор жоктугунан улам мындай бакчаларга мектеп курагындагы балдар бара башташкан. 2016-жылы «Жайлоодогу бала бакчалар» долбоору камтуусун кеңейтип, эми «Балдарды ɵнүктүрүү борборлору» катарында иштɵɵдɵ.