«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» менеджери экологиялык журналистика боюнча тренингдин алкактарында ММКлардын иштөөчүлөрүнүн суроолоруна жооп берди

«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» менеджери экологиялык журналистика боюнча тренингдин алкактарында ММКлардын иштөөчүлөрүнүн суроолоруна жооп берди

Жарыяланган: 20 November 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» менеджери экологиялык журналистика боюнча тренингдин алкактарында ММКлардын иштөөчүлөрүнүн суроолоруна жооп берди «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» саламаттыкты, эмгекти жана курчап турган чөйрөнү коргоо системасы менеджери Эрик Кожомкулов 2012-жылдын 16-ноябрында, экологиялык журналистика боюнча тренингдин алкактарында Давыдов мөңгүсүнүн жана Петров көлүнүн абалы, ошондой эле «Кумтөр» кен ишканасынын калдыктарды сактоочу жайынын дамбасынын түзүлүшү жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча компания өткөрүп жаткан иш чаралар жөнүндө айтып берди.

«Кыргызстандагы экологиялык өзгөчө кырдаалдар: алдын алуудагы жана кесепеттерин жумшартуудагы ММКлардын ролу» темасындагы журналисттер үчүн практикум ушул жылдын 12 – 18-ноябрында Бишкекте өткөн. Ага республиканын региондорунан журналисттер катышышты. Республиканын масс-медиа иштөөчүлөрү үчүн 6 күндүк тренингди Герман эл аралык кызматташуу боюнча коомунун колдоосу астында «Биом» экологиялык кыймылы жана «N-ost» эл аралык журналисттик тармак уюштурду.

Сессияларда журналисттер алдында «Алейне» экологиялык кыймылынын төрагасы Эмил Шүкүров, БУУӨПтүн табигый кырсыктарды башкаруу боюнча кеңешчиси Мурат Кошоев, Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун өкүлү Исакбек Торгоев, ошондой эле «Кыргызгипрозем» мамлекеттик долбоорлоо институтунун жайыттардын мониторинги бөлүмүнүн начальниги Людмила Пенкина жана башкалар катышышты.

Маалымат үчүн:

«Биом» экологиялык кыймылы – КРнын жана Борбор Азия регионунун экологиялык проблемаларын чечүүгө катышып жатышкан жаш адистерин, окумуштууларын жана лидерлерин ыктыярдуу негизде бириктирип турган коомдук коммерциялык эмес уюм. «Биомдун» миссиясы – калктын ар түрдүү топторун экологиялык проблемаларды чечүүгө жана туруктуу өнүктүрүү идеяларын жүзөгө ашырууга кеңири тартуу.

Герман эл аралык кызматташуу боюнча коому (GIZ) –ГФРдин өкмөтүнө туруктуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүү максаттарында эл аралык кызматташуу чөйрөсүндөгү ал койгон милдеттерди жүзөгө ашырууга колдоо көрсөткөн Герман федералдык компаниясы. GIZ өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, өткөөл экономикасы бар өлкөлөрдө адамдардын жана коомдордун өздөрүнүн перспективаларын кеңейтүүгө жана турмуш шарттарын жакшыртууга багытталган ишмердүүлүгүндө колдоо көрсөтөт, ошондой эле бүткүл дүйнө боюнча эл аралык билим берүүчүлүк-агартуучулук ишмердүүлүгү менен да активдүү алектенет. GIZ КРнын территориясында 1992-жылдан бери аракеттенет.

«N-ost» (NetzwerkfürOsteuropa-Berichterstattung) – Берлинде жайгашкан өкмөттүк эмес уюм. «N-ost» – Чыгыш Европа жөнүндө жазышкан журналисттердин союзу, ал 20дан ашуун европалык өлкөлөрдөгү репортёрлорду жана медиадолбоорлорду бириктирип турат. Союздун негизги максаты – Чыгыш Европада болуп жаткан окуяларды чагылдыруу болуп саналат. Бирикменин мүчөлөрү сөз эркиндигин өнүктүрүүгө умтулушат жана журналисттик ишке жолтоо болуучу чектөөлөргө каршы күрөшүшөт. N-ost басма жана раиоматериалдарга жазылуу кызматы Германиянын, Австриянын жана Швейцариянын гезиттери жана радиостанциялары үчүн тексттерди жана сюжеттерди берет. Союз журналисттердин квалификациясын жогорулатуу үчүн тренингдерди уюштурат жана ММКлардын өкүлдөрү үчүн эл аралык долбоорлорду жүзөгө ашырат.