ЖОЖ бүтүрүүчүлɵрү үчүн стажировка программасынын катышуучулары алгачкы презентацияларын ɵткɵрүштү

ЖОЖ бүтүрүүчүлɵрү үчүн стажировка программасынын катышуучулары алгачкы презентацияларын ɵткɵрүштү

Жарыяланган: 04 April 2016

ЖОЖдордун бүтүрүүчүлɵрү үчүн стажировка программасынын 10 катышуучусу «Кумтɵр Голд Компанидеги» практикалык ишинин алгачкы жарым жылдыгындагы аралык презентацияларын ɵткɵрүштү.

2015-жылдын майында «Кумтɵр» компаниясынын ɵкүлдɵрү Бишкектин жогорку окуу жайларында бүтүрүүчүлɵр үчүн стажировка программасын тааныштыруу ɵткɵрүшкɵн. Натыйжада 80ден ашуун билдирме түшүп, алардын ичинен 10 жеткиликтүү орунга стажерлор тандалган. Жалпысынан стажировка эки жылга созулат. Бүтүрүүчүлɵр кен ишкананын ɵзүндɵ да, компаниянын башка кеңселеринде да бɵлүмдɵргɵ жайгаштырылган.

Программага катышуу учурунда стажерлор эмгек акы алып, турак жай, тамактануу, жеке коргонуу каражаттары, ошондой эле иштеги милдеттерин аткаруу үчүн бардык зарыл каражаттар менен камсыздалат. Андан тышкары, аларда ɵндүрүштɵ зарыл болгон кошумча тренингдерден жана окуу программаларынан ɵтүү мүмкүнчүлүгү бар. Белгилей кетсек, программа убагында катышуучулар менен насаатчы иштейт, ал ишти ɵздɵштүрүүгɵ, коюлган милдеттерди аткарууга жавна программанын иш чараларына катышууга жардам берет.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) «Электр энергетикасы» адистиги боюнча бүтүрүүчүсү Ильгиз Шаршеналиев ɵз тааныштыруусунда «Кумтɵрдүн» жамаатындагы ɵзгɵчɵ атмосфераны белгиледи. «Мага «Кумтɵр Голд Компанинин» ɵз адистеринин кесипкɵй жана жеке сапаттарын пайдалануу, карьерасын ийгиликтүү куруу пландарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүп, ɵнүгүүгɵ багытталганы да ɵзгɵчɵ жакты», – дейт ал.

Программанын бардык катышуучулары «Кумтɵр» компаниясына ɵз билимдерин практикада колдонуу эле эмес, ЖОЖдордо окутпаган жаӊы технологиялар жана методдор менен таанышууга да мүмкүнчүлүк бергенине ыраазылык билдиришти.

МААЛЫМДАМА:ЖОЖ бүтүрүүчүлɵрү үчүн стажировкалар программасы окуу программасы тоо-кен тармагы менен байланышкан жана «Кумтɵрдүн» ɵндүрүш ишине тиешеси бар мыкты бүтүрүүчүлɵрдү тартуу үчүн 2006-жылы негизделген. Стажерлор эки жыл аралыгында теориялык билимдерин иште түз колдонуу менен практикалык тажрыйба топтошот, «Кумтɵр Голд Компанинин» структурасы жана ɵндүрүштүн жалпы иши менен таанышат. Бүтүрүүчүлɵрдү колдоо программасы таланттуу бүтүрүүчүлɵрдү тартууда жана адам капиталын ɵнүктүрүүдɵ маанилүү роль ойнойт. Программаны ийгиликтүү аяктагандан кийин стажерлор «Кумтɵр» компаниясына ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн алышат.