Барскоон – Кумтор технологиялык жолунун бөлүгүн тейлөө

Барскоон – Кумтор технологиялык жолунун бөлүгүн тейлөө

Жарыяланган: 06 September 2019

Кабыл алуу жабык

 ИШТИН КӨЛӨМҮ / ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

 төмөнкү жумуштарды аткаруу үчүн:

Барскоон – Кумтор технологиялык жолунун “0 км” жана “31 км” чакырым мамылары менен чектелген жана жалпы колдонуу жолуну бурулушунан башталган бөлүгүн тейлөө.

 

Кардар: Кумтөр Голд Компани

 

Жумуш аткарылуучу жер:               

    Барскоон – Кумтөр технологиялык жолу (0-31 км)

 

Кызмат/жумушка тапшырма:                                                     

Бул Келишим боюнча иштердин көлөмү негизги жана кошумча жумуштардан турат:

иштин негизги бөлүгү жол оңдоо тобу тарабынан төмөндөгү жабдууларды колдонуп аткарат: эки грейдер, бир самосвал, бир экскаватор/жүктөөчу, бир бульдозер, бир май куюучу автоунаа, бир генератор (бардык техникалар операторлору менен), эки турак вагон, бир ашкана-вагон, жана технологиялык жолду тейлөө үчүн жумушчулар.

– зарылчылыка жараша жолдун шарттарын жакшы абалда сактоо үчүн техниканын жана жумушчулардын сапаттуу курамын алмаштырууга жана жол жумуштардын аткаруусун/тейлөөсүн келишилген айлык наркынын чегинде талап кылганга Кардардын толук укугу бар.

– Кошумча жумуштардын көлөмү негизинен жылдын суук айларында жана кээде жылуу айларында негизги жабдуулар жана жолду оңдоо тобу менен аткарылат жана ошондой эле кошумча грейдерлер, экскаватор, бульдозер жана самосвал (бардык техника операторлору менен) колдонулат.

 

Тартиби, иштин көлөмү:

Иш күнү саат 8:00дөн 17.00гө чейин уланып, анын ичине 1 саат түшкү тыныгуу камтылат, бирок аба-ырайынын шарттарына жараша өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

Подрядчик жолдун тейленип жаткан участогунда 24 саат бою тоскоолсуз өтүү шарттарын камсыз кылуу менен бирге төмөндөгү жумуштарды аткарат:

– автогрейдер менен жолдорду профилдөө, тегиз эмес жерлерди, кырларды түздөө. Жолдун үстүндөгү жабуунун тегиздиги жана жолдун туурасынан эңкейиши бул иштерге түздөн-түз көзкаранды;

– жол боюндагы арыктарды таза абалда кармоо жана түтүктөрдүн ооздорун тазалоо аркылуу жаан-чачын жана эриген суулардын тоскоолсуз агышын камсыз кылуу;

– өтүп жаткан автоунаалардын себебинен көпүрөлөрдүн үстүндө топтолгон топуракты тазалоо;

– жолдун жасалууларын (чакырым мамылары, жол белгилери жана сигнал мамылары) тазалыкта сактоо жана иреттөө;

– жолдордо, көпүрөлөрдүн кире-бериштеринде жана жолдордун кошулуштарында пайда болгон чуңкурларын өз  убагында гравий менен толтуруп жабуу жана зарылдык болгондо жолдун жамоо иштерин уюштуруу;

– чөгүп кеткен жерлерди өз  убагында гравий менен толтуруп жабуу;

– жол жүрүү бөлүгүн таштардан тазалоо;

– жаз-жай мезгилинде Тамга жана Барскоон шлюздарын жок дегенде жумасына бир жолу текшерүү.

 

Жылдын суук мезгилинде төмөнкү кошумча иштерин жүзөөгө ашыруу керек:

– жолдун үстүн кардан тазалоо;

– тайгак жерлерди инерттик материал менен себүү;

– суулардын тоскоолсуз агышын камсыздоо үчүн түтүктөрдүн ооздорун, чакан көпүрөлөрдү кар күрткүлөрүнөн жана муздан тазалап өз убагында иштерди аткаруу;

– көпүрөлөрдүн жанындагы арыктарды кар жана муздан тазалоо.

 

Кызматтарга/жумуштарга коюлган талаптар:

1) Подрядчик өзүнүн кызматкерлерин жана жабдууларын иш / лагерь жайларына өзүнүн унаа каражаттары менен же өзүнүн транспорттук келишимдерине ылайык алып баруусу керек;

2) Зарыл болгон учурда Подрядчик өзүнүн кызматкерлерине турак-жай жана керектүү санитардык, гигиеналык шарттарды өз эсебинен түзүп берүүгө тийиш жана ал жерлер жергиликтүү бийлик органдарынын макулдугунан өтүүсү керек.  Бардык убактулуу курулуштар Кыргызстанда колдонулуп жаткан стандарттарга ылайык болуусу керек.

3) Подрядчик техниканы оңдоо аянты, туруучу жайлары, турак-жай жана бардык жабдуулар жана иш жайлары менен өз жумушчуларын камсыз кылуусу керек, жана ошондой эле төмөндөгү бардык керектүү коргоонуу каражаттары менен жумушчалырын камсыз кылууга тийиш: коопсуздук курлары, 5 кг-дык порошок толтурулган өрт өчүргүчтөрү, күйүкө каршы медициналык аптечкасы, туура өлчөмдөгү дөңгөлөк кыскычтары:

4) Келишимдеги иш көлөмүн аткаруу үчүн керек боло турган бардык материалдарды, азыктарды жана жабдуу тетиктерин Подрядчик жумуш объектисине жеткирүүсү керек;

5) Кошумча жумуштарды ишке ашыруу үчүн Кардар, Подрядчикке кошумча материалдарды жеткирип берүүгө же кошумча жумуштарды аткарууга тапшырма бериши мүмкүн.

 

Жумуштардын аткаруу мөөнөтү

Келишимге кол коюлгандан кийин 2020 жылдын 31 декабрына чейин.  

 

Өзгөчө шарттар

  • Подрядчик өзүнүн кызматкерлерине коопсуз жумуш шарттарын түзүп берүүгө тийиш. Иштерди аткарып жатканда Подрядчик коопсуздук эрежелерин сактоого тийиш.
  • Подрядчиктин бардык кызматкерлери керектүү коопсуздук окууларын жана нускамаларын өтүүлөрү керек.
  • Подрядчик бардык өзүнүн кызматкерлерин бардык жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылууга тийиш.

 

Суроолоруңуз болсо kgc.supplychain@centerragold.com дарегине 2019-ж. 15-сентябрь саат 17:00 чейин жɵнɵтсɵңүз болот.

Сунуштарды бекитилген жана «Жолдорду тейлɵɵ» деп жазылган конвертте 2019-ж. 20-сентябрь күнү саат 17:00 чейин, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24, «Учкун» ААК имараты, 10-кабат дарегине тапшыруу зарыл.  

 

Бардык уюмдар сунуштарын ɵз ыктыяры менен жиберишет жана чыгымдарды ɵздɵрү кɵтɵрүшɵт, ошондой эле КГКнын баардык шарттарын кабыл алышат.

 

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу кабыл алынган коммерциялык сунуштарды (толук же бѳлүктөрүн) кабыл алууга же албоого өзүнүн укугун сактайт. Ошондой эле, талапкерлердин бул конкурска катышуу үчүн кеткен чыгымдарын төлөөгө милдеттенме албагандын бир тараптуу билдирет.