“Кумтөр” ишканасы Түп токой чарбасына жолтандабас унаа берди

“Кумтөр” ишканасы Түп токой чарбасына жолтандабас унаа берди

Жарыяланган: 18 April 2022

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Ысык-Көл облусунун токойчулуктарына токойлорду коргоо жана калыбына келтирүү иштери боюнча көмөк көрсөтөт. Бул программанын алгачкы катышуучуларынын бири Түп районундагы токой чарбасы болду. Компания Түптүк токойчулугунун колдонуусуна жолтандабас унаа тапшырды .

Түп токой чарбасы 77 миң гектар жерди ээлейт. Салыштыруу үчүн, бул аймакка Бишкек шаары сыяктуу 5 шаардын аймагы туура келет. Мындай чоң аянтты көзөмөлдөө үчүн тоолуу жерде жана жолсуздук шартта жүрүп өтө алган унаа керек. Бул максатта  эң оптималдуу транспорт каражаты бул “Форд”маркасынын пикап унаасы. Ал токой фондусунун жерлерин күзөтүү, надзордук көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүү, көчөттөрдү жана жабдууларды ташуу, токой өрттөрүн өз убагында аныктоо жана алдын алуу үчүн колдонулат.  Кумтөр кенинде да, бийик тоолордо да ушундай унаалар колдонулат. Алар ишенимдүү, күчтүү жана жол жок жерде өтүмдүү болушат.

Түп токой чарбасына кирген питомникте Европадан эксперимент катары алынып келинген дарактардын уникалдуу көчөттөрү бар. Бул көчөттөр түшүмдүү Ысык-Көл жергесинде тамыр алышып, өсүп  жатышат. Алар отургузууга даяр. Аларды апрель айынын экинчи жарымында токой чарбасынын аймагындагы тоолорго отургуза башташат.

– Биздин питомникте ийне жалбырактуу жана жалбырактуу дарактардын 37 түрү өстүрүлөт. Бул Тянь-Шань карагайлары, Крым карагайлары, туялар. Ошондой эле Польшадан алынып келинген алма жана алчанын жаңы сортторун, Алтайдан чычырканактын көчөттөрүн өстүрүп жатабыз, – дейт Түп токой чарбасынын жетекчиси Талантбек Карыпбай уулу.