Кумтɵрчүлɵр Кыргызстандын Тоо-кенчилер жана металлургдарынын спартакиадасында биринчи жалпы командалык орунду ээлешти!

Кумтɵрчүлɵр Кыргызстандын Тоо-кенчилер жана металлургдарынын спартакиадасында биринчи жалпы командалык орунду ээлешти!

Жарыяланган: 21 September 2016

«Кумтɵр Голд Компанинин» командасы Кыргызстандын Тоо-кен-металлургия ɵнɵр жай кызматкерлер профсоюзунун III спартакиадасында 10 медаль жеӊип, жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээледи. 2016-жылдын 15-18-сентябрында Ысык-Кɵл областынын Бостери айылында жайгашкан «Кыргыз деӊизи» санаториясында ɵткɵн иш-чарага Кыргызстандын тоо-кен-металлургия тармагындагы ишкана, мекеме жана уюмдардын 23 командасынан 500гɵ жакын адам катышты. Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Өнɵр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Тоо-кен-металлургия профсоюзунун Борбордук Комитети, КОК профсоюзу жана Кыргыз Республикасынын профсоюздарынын Ыктыярдуу дене тарбия-спорт коому анын уюштуруучулары болушту.

Спартакиаданын алкагында мини-футбол, волейбол, чуркоо, сүзүү, гиря спорту, стол тенниси, шахмат, бильярд жана аркан тартыш боюнча мелдештер ɵттү. «Кумтɵр Голд Компани» ЖАК кызматкерлери тɵмɵнкү байгелүү орундарды ээлешти:

25 жана 50 метрге сүзүү:
45 жаштан жогору эркектер арасында 1-орун – Олег Подгорный.
45 жаштан жогору аялдар арасында 1-орун – Марианна Арзамасцева.
25 жаштан тɵмɵнкү аялдар арасында 1-орун – Айчүрɵк Кожегулова.

Шахмат
Аялдар арасында 2-орун – Калыс Жумабаева.

Таланттардын «Алтын уютма – 2016» конкурсу:

1-орун – Шаршеев Талант.

Стол тенниси:
Эркектер арасында 3-орун – Куваныч Кожегулов.

Спорттун командалык түрлɵрүндɵ «Кумтɵр Голд Компани» ЖАКынын курамасы тɵмɵнкү байгелүү орундарды ээледи:
Мини-футбол – 1-орун (эркектердин курамасы).
Волейбол – 3-орун (аялдардын курамасы).

Жеӊүүчүлɵр жана байге ээлери кубоктор, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Биз «Кумтɵр Голд Компанинин» командасын жана кызматкерлерин татыктуу жеӊиши менен куттуктайбыз!

miners_tournament1