“Кумтɵрдүн” элчилери Ак-Суу интернатына жана психоневрологиялык диспансерине колдоо кɵрсɵтүштү

“Кумтɵрдүн” элчилери Ак-Суу интернатына жана психоневрологиялык диспансерине колдоо кɵрсɵтүштү

Жарыяланган: 30 October 2015

Октябрдын соңунда «Кумтɵр Голд Компанинин» кызматкерлеринин тобу Ак-Суу интернатында жана психоневрологиялык диспансеринде болушту.

Эки социалдык мекеме администрациясынын ɵтүнүчү боюнча “Кумтɵр” кызматкерлери интернаттын 87 тарбиялануучусу үчүн кышкы бут кийим, диспансерде жашаган 230 аял үчүн бут кийим жана самын каражаттарын сатып беришти. Жалпысынан кызматкерлер 187 миӊ сом чогултушкан.

«Кумтɵрдүн» элчилери кɵӊүл ачуу программасын да уюштурушту – балдарга Каракол шаарынын «Жаш Тилек» бий тобу оюн-зоок тартуулады. Ар бир балага белекке мектеп үчүн кеңсе буюмдарынын топтому тийди. Концерттен кийин коноктор жана тарбиялануучулар кен ишканадагы ашкана кызматкерлери даярдаган таттуулар менен чай үстүндɵ баарлаша алышты.

Башкы тоо-кен инженеринин орун басары Жолдош Дүйшɵналиев балдар үйүнүн жамааты менен тарбиялануучуларынын алдында сүйлɵп жатып мындай деди: «Биз, «Кумтɵрдүн» кызматкерлери, жардамга муктаж мекендештерибизге жарандык жоопкерчилик жана камкордук кɵрсөтүү ар бирибиз үчүн абдан маанилүү экенин түшүнɵбүз. Жалпы аракет менен чоң муктаждыктагыларга колдон келген жардам кɵрсɵтɵ жана аны үзгүлтүксүз жасай аларыбызга ишенем. Балдардын жылмаюусу жана кубанычы – биз үчүн эӊ жакшы сыйлык».

Акциянын уюштуруучулары ага катышкан жана колдоо кɵрсɵткɵндɵрдүн баарына ыраазычылык билдирет.

Эске сала кетсек, компаниянын бир нече жылдан бери үй-интернат менен кызматташып келет. Жайдын аягында мекеменин спорт залы ремонттолгон. Компаниянын каражаттарына жергиликтүү подряддык уюм чириген полду жаңыртып, дубалдары менен шыпты оңдогон, жарыктандырууну алмаштырып, жылытуу системин орноткон. Ремонт иштери дээрлик 2 млн. сомго турган. 2014-жылы «Карагат+» программасынын алкагында интернаттын аймагында күнөсканада да курулган. Ошондон бери балдар үйүнүн администрациясы ɵзгɵчɵ кыш мезгилинде бюджетти олуттуу үнɵмдɵɵ менен жашылча-жемиштерди ɵстүрүүдɵ.