Кумтөр кенинин жер алдындагы кендерди иштетүү долбоору

Кумтөр кенинин жер алдындагы кендерди иштетүү долбоору

Жарыяланган: 27 December 2021

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКка (КГК) убактылуу тышкы башкаруу киргизилген мезгилде мөңгүлөрдү бузууну токтотуу жана алтын камтыган рудаларды экологиялык таза жана экономикалык пайдалуу жол менен казып алуу үчүн «Кумтөр» кенин иштетүү стратегиясы өзгөртүлдү, ачык карьердик ыкмасынан жер алдындагы кен иштетүү долбооруна акырындык менен өтүүсү ишке киргизилет.

Жер алдында казып алуу ыкмасы Кыргызстан үчүн экологияга келтирилген зыянды бир топ кыскартууга жана пайдалуу кендерди сарамжалсыз казып алуудан баш тартууга мүмкүндүк берет. Кенд жайды канадалык «Центерра Голд» компаниясы башкарып турган кезде кенди иштетүү ачык жол менен жүргүзүлгөн. Натыйжасында 1 тонна алтын камтыган руданы казып алуу үчүн 41 тоннадан 60 тоннага чейин бош топуракты алуу зарыл болгон. Бул көрсөткүч боюнча КГК тоо-кен компанияларынын арасында дүйнөдө 1-орунда турат. Дүйнөлүк орточо кыртыш ачуу коэффициенти руданын бир тоннасына 2 тоннадан 7 тоннага чейинки бош текти түзөт. Мисалы, Түркиядагы Өксүт кенинде бул көрсөткүч бирге экини (1:2) түзсө, Канададагы Маунт Миллиган кенинде бирге бирди (1:1) түзөт. Бул эки ишкана тең «Центерра Голд» компаниясына таандык. Канада менен Түркиянын экологиялык талаптары тоо-кен компанияларына жырткычтык жол менен кен казуу иштерин жүргүзүүгө жол бербейт.

Жер алдындагы кен казып алуу ыкмасы алтын камтыган руданы иргеп казып алууга багытталган жана кыртыш ачуу коэффициенти өтө төмөн болот: 1:2 же максимум 1:3 түзөт. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кумтөрдүн жер астындагы рудаларындагы алтындын курамы тоннасына 5 граммдан ашат, башкача айтканда, ачык жол менен казып алуудан дээрлик эки эсе жогору. Кендин жер алдында казып алуунун болжолдонгон жалпы наркы, жер астында казып алуу ыкмасынын операциондук чыгымдары жогору болгондугуна карабастан учурдагыдан төмөн болоору күтүлүүдө.

КГКнын пландарында руданы жер астынан казып алуу долбоору бар болгонун белгилей кетсек, ал долбоор 2008-2012-жылдары ишке киргизилип, бирок кийинчерээк токтотулган. Бул долбоорго дээрлик 180 миллион доллар каражаты сарпталган болчу.

Алтын камтыган руданы жер астында казып алуу долбоорун ишке ашыруу үчүн КГКда жаңы долбоордук бөлүм түзүлдү. Учурда аны жогорку квалификациялуу чет элдик жана жергиликтүү адистер менен толуктоо иши уланууда.