“Кумтөр” көк-бөрүчү ардагерлерге Республикалык мелдеш өткөрүүгө көмөктөштү

“Кумтөр” көк-бөрүчү ардагерлерге Республикалык мелдеш өткөрүүгө көмөктөштү

Жарыяланган: 24 March 2022

Тышкы башкаруу киргизилгенден бери “Кумтөр Голд Компани” калкты социалдык жактан колдоого өзгөчө көңүл бурууда. Анын ичинен компания аймактардагы спортту өнүктүрүүгө да артыкчылык берип келет.

Бул жолу КГК ардагерлер арасындагы республикалык көк-бөрү оюнунун башкы демөөрчүсү болду. Мелдеш Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү. КГК оюндун уюштуруучуларына колдоо көрсөтүп, байгелерге жана ипподромдун ижара акысына 265 000 сом бөлүп берген.

Бул оюн мындан 10 жыл мурун мезгилсиз дүйнөдөн кайткан Азиянын үч жолку чемпиону, ат спорту боюнча Кыргыз Республикасынын он жолку чемпиону, эл аралык категориядагы калыс Сыртбай Жумадыловдун жаркын элесине арналып уюштурулду. Ал былтыр 60 жашка чыкмак. Республиканын ат спортуна эмгеги сиңген Сыртбай агайдын жаркын элесине арналган бул мелдеш жыл сайын өткөрүлүп турат.

Быйылкы көк-бөрү оюнуна 12 команда катышты. Мелдештин жеңүүчүсү болуп Талас облусунун «Ынтымак» командасы табылды. Экинчи орунду Чүй облусунан келген «Панфилов» командасы, үчүнчү жана төртүнчү орундарды Чүйдүн дагы бир «Сары-Өзөн» жана Ысык-Көлдүн «Ысык-Көл – Биримдик» командалары ээледи.