«Кумтөр Оперейтинг Компани» мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөттү

«Кумтөр Оперейтинг Компани» мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөттү

Жарыяланган: 06 December 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компани» мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөттү Майыптардын эл аралык күнүнүн алдында “Кумтөр Оперейтинг Компани” мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды бириктирген жана алардын проблемалары менен алектенген ар кандай уюмдардан көптөгөн каттарды алды. Быйыл компаниянын жетекчилиги миң жылуу жууркан жана башка тиричилик буюмдарын сатып алып, даректүү жардам көрсөтүүгө кошумча каражаттарды бөлүүнү чечти.

2012-жылдын 6-декабрында компаниянын кызматкерлери “Үмүт-Надежда” реабилитациялык борборунда болушту жана мекеменин тарбиялануучулары үчүн 50 жууркан жана 4 жылыткыч беришти. Анын алдыңкы күнү 200 жууркан Кыргыз республикалык майыптар коомуна берилген. Телевизор жана DVD-плеер түрүндө белекти сүйлөө кемчиликтеринен, БЦПдан жана аутизмден жапа чеккен балдар менен иштөөдө пайдалануусу үчүн Республикалык психикалык саламаттык борборунун сүйлөө патологиясы бөлүмү алды.

750 жууркан Ысык-Көл областына жөнөтүлдү жана чектелген мүмкүнчүлүктөрү бар адамдар менен иштешкен төмөнкү уюмдарга: Ысык-Көл – Нарын азиздер жана дүлөйлөр коомуна, Ак-Суу аялдар психоневрологиялык үй-интернатына, Балыкчы шаарынын майып балдар коомуна, ошондой эле жергиликтүү администрациялар менен бирдикте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында бөлүштүрүлүү үчүн Компаниянын регионалдык маалымат борборлоруна берилмекчи.

«Эл аралык майыптар күнүнө карата кайрымдуулук акциясын өткөрүү биз үчүн жакшы салт болуп калды. Биз чектелген мүмкүнчүлүктөрү бар адамдарга, анын ичинде майып балдарга да жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүбүз бар экендигине кубанычтабыз, анткени алар жарандардын эң аз камсыздалган жана таарынтылган топторуна киришет эмеспи, мына ошондуктан ар кандай жардам алар үчүн маанилүү», – деп баса белгиледи Дуглас Гриер, «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» туруктуу өнүктүрүү боюнча директору.