«КУМТӨР ОПЕРЕЙТИНГ КОМПАНИ» КЕН ИШКАНАСЫНДА ООРУП КАЛУУЛАР КЕЛИП ЧЫККАНДЫГЫ ЖӨНүНДӨ БИЛДИРЕТ

«КУМТӨР ОПЕРЕЙТИНГ КОМПАНИ» КЕН ИШКАНАСЫНДА ООРУП КАЛУУЛАР КЕЛИП ЧЫККАНДЫГЫ ЖӨНүНДӨ БИЛДИРЕТ

Жарыяланган: 23 July 2012

Кен ишканасында иштешкен кызматкерлердин тамак-аш менен ууланып калуусуна шектенүүгө байланыштуу, «Кумтөр Оперейтинг Компани» шашылыш түрдө бардык азык-түлүк продуктыларын берүүчүлөрдөн лаборатордук сыноолордун натыйжаларын жана ылайыктуулук сертификаттарын кошумча талап кылды.

2012-жылдын 18-июлунда компаниянын медициналык кызматына 4 адам жогорку температура болуп жаткандыгы жана жалпы алсыздангандык боюнча кайрылышкан, анын экөөсү диарея болуп жаткандыгына даттанышкан. 19-июлда кайрылгандардын саны – 49га, а 20сында – 140ка жеткен. Алардын баарына баштапкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны көп болгондугуна байланыштуу жана өзгөчө кырдаалдарда аракеттер планына ылайык, компания областтык санитардык-эпидемиологиялык кызматка билдирип жана медиктерге кайрылуулардын себептерин аныктоону өтүнгөн. Мамсанэпидкөзөмөлдүн кызматкерлери дароо кен ишканасына көтөрүлүшкөн. Кызматкерлердин массалык кайрылууларынан улам санитардык врачтар аларды Ысык-Көл областынын ооруканаларына жөнөтүүнү сунушташкан.

Жалпысынан 18инен 22-июлга чейин компаниянын медкызматына 220дан ашуун адам кайрылышкан. 159 адам кен ишканасынан түшүрүлгөн. Республиканын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы учурда 78 адам ооруканага жаткырылган. Бүгүн кен ишканасында инфекция белгилери менен 4 адам кайрылган.

Мамсанэпидкөзөмөлдүн адистери тамак-аш блогун, кампа жайларын, турак-жай блокторун, санитардык түйүндөрдү иликтөө жүргүзүштү, натыйжада санитардык нормаларды жана эрежелерди одоно бузуулар табылган жок. Бардык ашкана персоналынын тамак-аш блогунда иштөө үчүн медициналык уруксаты бар. Мамсанэпидкөзөмөлдүн талабы боюнча азык-түлүк берүүчүлөрдүн бардыгынан ылайыктуулук сертификаттары жана лаборатордук иликтөөлөрдүн маалыматтары талап кылынды.

Ичеги-карын инфекциясынын келип чыгуусунан улам «Кумтөр» кен ишканасында Жети-Өгүз ИИБсынын, ӨКМдин райондук бөлүмүнүн өкүлдөрү болушту.

Учурда окуянын себептерин иликтөө жүрүүдө. Компаниянын жетекчилиги кен ишканасында болууда. Ишкана штаттык режимде иштөөдө. «Кумтөр» кен ишканасында бүгүн 1602 адам бар, анын 498и подряддык уюмдарда иштешет.

Кошумча маалымат үчүн ММКлар менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар