«Кумтөр» Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы тигүү цехтеринин өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүдө

«Кумтөр» Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы тигүү цехтеринин өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүдө

Жарыяланган: 19 April 2021

2020-жылдан бери Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда «Инсан мууну» коомдук фонду «Кумтор Голд Компани» компаниясынын каржылык колдоосу менен тигүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу жана иштөө шартын жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашырууда. Долбоорду ишке ашырууга «Кумтөр» компаниясы 8,2 млн сомдон ашык грант бөлүп берди.

Долбоордун биринчи этабында облустун эки районунда 143 өндүрүшчүнүн катышуусу менен үйрөтүүчү семинарлар өткөрүлдү, анда алар өз жумушчуларын тез тигүү көндүмүн кантип үйрөнүү, бизнес-планды кантип жазуу керектиги тууралуу окутушту. Экинчи этапта тигүү ишин өнүктүрүү боюнча 200 өтүнмөгө жакын тандоо өткөрүлүп, алардын ичинен Бишкекте андан ары такшалмадан өтүү үчүн 13 ишкер тандалып алынган, ал эми 11 тигүү цехи 80 бирдик жалпы санындагы заманбап жабдуу менен жабдылган. Үчүнчү, долбоордун аяктоочу стадиясында реалдуу рынок буйрутмаларынын негизинде тигүү цехтерин ишке киргизүү орун алган.

Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун айылдарындагы долбоорго ылайык 60 жаңы орун түзүлүп, ондогон үй-бүлөлөр үчүн эмгек миграция маселеси чечилди. Эми алар чет өлкөгө чыгып, тиричилик кылуу түйшүгүн тартышпайт. Жумуш айылда бар! Тигүү таптакыр башка өндүрүштүк көлөмгө чыгып, туруктуу, жакшы төлөнүүчү буйрутмаларды ала баштады. Бүгүн ысык-көлдүк тигүү жайлары негизинен россиялык буйрутмалар үчүн кийимдердин партиясын тигишет. Айылдыктарда өздүк күчүнө ишенүү пайда болду. Буйрутмаларды бир айга мурда алат. Мисалы, Тоң районунун Кара-Коо айылындагы  11 адам иштеген тигүү цехинин кирешеси 4-5 эсе көбөйдү.

Тигүү цехтеринин биринин ээси Эльмира Исмаилова мындайча эскерет: – Башында мен үч жумушчу менен чакан бөлмөдө тыгылып иштечүмүн. Жумуш кеңейгенде дагы 7 адамды жумушка алдым. Төрт жиптүү машинкалардагы атайын жабдууда – талаптагыдай сапатты жана ылдамдыкты көрсөтөбүз. «Кумтөргө» жана анын өнөктөрүнө колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазылык билдирем! Бүгүн цех Россиядан келген кезектеги буйрутманын үстүндө иштеп жатат – даяр бычмадан 2700 футболка тигүү керек. Бул партия үтүктөлүп, таңгакталары менен, жаңы буйрутманы кабыл алабыз.

«Кумтөр» тарабынан колдоого алынган 11 чакан ишкананын 25 орундуу эң чоң тигүү цехи Жети-Өгүз районунун Саруу айылында иштейт. Анын ээси 42 жаштагы Жазгүл Саякова, азыр заманбап тигүү машинкаларын алуу менен, өздөрүн эле жыл бою туруктуу жумуш менен камсыз кылбастан, коңшу Кызыл-Суу жана Тамга айылындагы үйүндө отургандарга да буйрутма бере баштады. Саруу цехинде Россияга экспортко аялдардын кийимин: көйнөктөрдү тигишүүдө. Кардарлар сапатына ыраазы. Мурда айына эң көп дегенде миң кийим даярдачубуз, азыр  заманбап жабдууда аткарылып жаткан иштин көлөмү 3 миңден ашып кетти. Өндүрүштүк базаны кеңейтүү жети окуучуну практикага алууга мүмкүндүк берди, Жазгүл аларды өзү окутуп, окуусун бүткөндөн кийин цехке алып калып иштөөсү үчүн аракет кылууда.

– «Кумтөрдүн» жардамы менен таянган таканчыгыбыз бар экени сезилүүдө. Бүгүн биз нанга май сүйкөп жегендей каражатты таба алабыз! – деп инвесторго ыраазычылыгын билдирди, жергиликтүү ишкер Жазгүл Саякова.