“Кумтөр” ушул жылдын июль айында болгон кыйратуучу селден жапа чеккен Тоң районунун жашоочуларына жардам берди

“Кумтөр” ушул жылдын июль айында болгон кыйратуучу селден жапа чеккен Тоң районунун жашоочуларына жардам берди

Жарыяланган: 25 November 2021

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКка тышкы башкаруу киргизилгенден бери, Компания өзгөчө муктаж болгондорго кайрымдуулук жардамын көрсөтүп келет. “Жылуулук белекке” – аттуу акция Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Оттук айылында өттү. 30-июлда бул калктуу конушта кыйратуучу сел болгон, көптөгөн үй-бүлөлөр жаңы үйлөрүнүн курулушу качан аяктаарын күтүп, убактылуу үйлөрдө жана контейнерлерде жашап жатышат.

“Кумтөр” компаниясы табигый кырсык тууралуу белгилүү болгондон кийин биринчилерден болуп жардам бере баштады. КГКнын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн буйругу менен ошондо Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна оор техника жана жумушчулар жиберилип, суу каптаган көчөлөрдү тазалоого жардам берилген болчу. Мындан сырткары, КГК техника үчүн 11 миң литр дизель майын бөлүп берген.

Суук түшкөндөн кийин “Кумтөр” жаңы үйлөргө көчүп жетишпей калган үй-бүлөлөрдү отун менен камсыз кылды. Ошондой эле, жабыркаган тургундар үчүн “Кумтөр” компаниясы 100 азык-түлүк топтом жана жылуу жууркандарды сатып берди. Керектүү азык-түлүктөрдөн тышкары, балдар үчүн атайын таттуулардын баштыктары да тиркелген. Жардам чындыгында муктаж болгондорго берилүүсүн камсыздоо максатында кумтөрчүлөр бул ишти жергиликтүү бийлик менен чогуу алып барышат.

“Оттук айылында жаратылыш кырсыгынын натыйжасында 320 үйдү суу каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тарабынан алардын ичинен 64 үй авариялык абалда деп таанылган. Бул жагынан үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүүдө. “Кумтөргө” ыраазычылык билдиребиз. Чоң рахмат!”- деди Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы Медербек Бейшеев.