Өткөн дем алышта «Кумтөрдүн» ар жылдык гольф боюнча 15-кайрымдуулук турнири өттү

Өткөн дем алышта «Кумтөрдүн» ар жылдык гольф боюнча 15-кайрымдуулук турнири өттү

Жарыяланган: 23 August 2017

2017-жылдын 19-авгусунда «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери жана компания өнөктөштөрү «Кленовый лист» клубунда өткөн ар жылдык гольф боюнча кайрымдуулук турнирине катышты.
Биринчиликке компания кызматкерлери менен өнөктөштөрдүн он беш командасы ат салышты. Бардык командалар «Кумтөр» менен кызматташкан эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөрүнөн белектерге арзыды. Ал эми төрт оюнча эң мыкты жеке сокку үчүн атайы белектер менен сыйланды.

Иш-чара эмгекчилер арасында жана кызматташ компаниялар менен өнөктөштөр ортосундагы биримдикти бекемдөөгө багытталды. Ар бир команда өз жетишкендиктерин Work Safe Home Safe корпоративдик программа боюнча викторинага катышып, жакшырта алышты. Бардык командалар чогулуп, кен ишканадагы тоо-кен техникасынын сүрөт пазлын чогултууда биргелешкен командалык ишти мыкты көрсөтүштү. Бардык оюнчулар «Кумтөр» ишканасынын өндүрүмү – Доре эритмесинин макетин, алтын эритүүчүлөрдүн атайы күрмөсү менен тоо-кенчилердин кийимин көрө алышты. Июль айынын соңунда компаниянын бардык кызматкерлери менен өнөктөрштөрдүн эмгекчилери коопсуздук техникасын сактоо маданияты боюнча атайы программадан окуп бүтүштү. Кызматташкан компаниялардын кызматкерлери КГК менен алака жана товар же кызмат сатуу боюнча суроолорго жооп берип, кошумча упайга ээ болуп, эң жигердүү катышкандар сыйлык алышты. Турнирге катышкан өнөктөштөр компания жетекчилиги менен жай шартта баарлашып, компания ишмердүүлүгү боюнча кызыктырган суроолорго жооп алуу мүмкүнчүлүгүн алды.


Ар бир катышуу «Бир айыл – бир өндүрүм» ассоциация мүчөлөрү каакымдан жасаган кыямдан белекке ээ болду. Ассоциация менен КГК кызматташуусу 2013-жылы, компаниянын каржылоосунда атайы жабдуу сатып алуу, тренингтерди өткөрүү жана цехтердин имараттарын ремонттодон башталган. «Мастерская перемен» устаканасынан болсо жыгач буюм сатып алуу аркылуу оюнчулар калктын аяр катмары – мурдакы алко жана баңги көз карандылары, түрмөчүлөр, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү жана ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга көмктөштү.


Күн ичинде ар бири утуштуу 250 лотерея сатылып, беш лот ойнотулган аукцион өткөрүлдү. Чогулган 261 660 сом акча каражаты «Help the children SKD» фондуна жумшалды. Кайрымдуулукка өз салымын «L’occitane» дүкөнү да, турнирде сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттын бир бөлүгүн берүү аркылуу кошту. «Help the children SKD» коомдук кайрымдуулук фонду онкологиялык, гематологиялык жана иммунологиялык дарттарга чалдыккан балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам берет.


«Кумтөр Голд Компани» турнирге катышкан кызматкерлерине, кайрымдуулук акцияны колдогон өнөктөштөрүнө, атап айтканда, «L’occitane» дүкөнү, «Мастерская перемен» устаканасы, «Трэвэл Вижн» туристтик агенттиги, «Вулкан плюс» компаниясы, «Opio fashion» дизайнерлери, турнир катышуучуларына берешндик менен футболкаларын берген «Айко Сейко» ишканасы, «Office Point» кеңсе товарлар дүкөнү, «К2» спорт-клубу, «Монтажник» ЖЧКсы, «Строй Комплект Монтаж» ЖЧКсы, «Штайнброй» пиво өндүрүүчү («Имфико»ЖАК), KICB, «Бишкекская кровельная компания» ЖЧКсы, «ДНКА» ЖЧКсы, «Сүт Булак» ЖЧКсы, «Абдыш Ата» ЖЧКсы, Тойота-борбору, «Бир айыл – бир өндүрүм» ассоциациясы, «Муза» ЖЧКсы, «Каркыра» компаниясы, «Акка-рк» соода үйү, “Грузовик” ЖЧКсы, юридической фирме «Каликова & Ассошиэйтс» юридикалык фирмасы, жана ошондой эле эр аралык өнөктөштөр «Борусан Макина», «Туркуаз Машинери», «Камминз», «BASF”, «С&E International Plant Ltd», «Alpha Plant Maintenance PTY Ltd.», «TRW LLC» жана «Кленовый лист» гольф-клубуна ыраазычылык билдирет.