Балыкчыда «Кумтɵр Голд Компанинин» колдоосу менен эркин күрɵш боюнча республикалык мелдеш болуп ɵттү

Балыкчыда «Кумтɵр Голд Компанинин» колдоосу менен эркин күрɵш боюнча республикалык мелдеш болуп ɵттү

Жарыяланган: 02 April 2015

27-29-мартта Ысык-Кɵл областынын Балыкчы шаарында эркин күрɵш боюнча республикалык турнир болуп ɵттү. Ага Кыргыз Республикасынын бардык областтарынан спортчулар катышты.Женүүчүлɵрдү сыйлоо аземине областтын губернатору Эмилбек Каптагаев, Балыкчы шаарынын мэри Марат Турдубаев, коомчулуктун жана «Кумтɵр» компаниясынын ɵкүлдɵрү катышты.
«Мага бул турнирди ачуу ɵтɵ жагымдуу. Ɵлкɵнүн жетекчилиги региондордо спортту ɵнүктүрүүнү дайыма колдомокчу, себеби спорт улуттун болочок саламаттыгын аныктайт. Бүгүн спортчуларды колдогону жана турнирди уюштурууга жардам бергени үчүн «Кумтɵр» компаниясына ыраазычылык билдиргим келет», – деп белгиледи Ысык-Кɵл областынын губернатору Эмилбек Каптагаев.

Турнир «Ысык-Кɵлдүн келечеги» коомдук фондусунан жаштардын аракеттеринен улам үчүнчү жылы катары менен ɵткɵрүлүүдɵ. Ɵткɵн жылы турнирде 250 балбан күрɵшсɵ, быйыл спортчулардын саны 340ка жеткен.

Мелдеште 1999-2002-жылдары туулган жаштар 13 салмактык категория боюнча ат салышты. Эстелик сыйлыктарды, медалдарды жана кубокторду Балыкчы шаарынын мэри Марат Турдубаев тапшырды.

wrestling_balykchi1