«Кумтɵр Голд Компани» Тоо-кен иштери институтунун аудиториясын ремонттоого жардам берди

«Кумтɵр Голд Компани» Тоо-кен иштери институтунун аудиториясын ремонттоого жардам берди

Жарыяланган: 03 April 2015

3-апрелде Академик Ү.Асаналиев атындагы Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунун “Кумтɵр Голд Компанинин” эсебинен ремонттолгон аудиторияларынын ачылышы болуп ɵттү.Ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Геологдор күнүнɵ карата уюштурулган. Ага ЖОЖдун педагогикалык курамы,”Кутɵрдүн” жетекчилиги жана журналисттер катышты.

Жайлардын ремонтунун жалпы наркы 1,5 миллионго жакын сомду түздү. Бɵлүнгɵн каражатка подряддык уюм Институттун 1-корпусундагы китепкананын окуу залынын жана 2-корпусундагы аудиторияларынын ремонтун жүргүздү.

Ачылыш аземи убагында институттун жетекчилиги эки корпусту жана аудиторияларды кɵрсɵттү, ошондой эле конокторду андагы экспонаттардын тектердин жана минералдардын үлгүлɵрүнүн саны 7 миӊден ашуунга жеткен геология музейине алып барышты. ЖОЖдун студенттери кɵрсɵтүлгɵн колдоого ыраазычылык катарында даярдалган оюн кɵрсɵтүштү, а окумуштуулар кеӊеши компаниянын тобокелчиликтерди башкаруу, нормативдик базаны сактоо жана туруктуу ɵнүктүрүү боюнча вице-президенти Родни Ступарекке ардактуу профессор наамын ыйгаруу чечимин чыгарган.

«Тоо-кен иштери институтунан ардактуу профессор наамын алуу – мен үчүн чоӊ сыймык. Институт менен компаниянын ортосунда кɵп жылдык кызматташуу түзүлгɵн, ал институттун биздин ɵндүрүштɵ иштеп жатышкан бүтүрүүчүлɵрү аркылуу жүзɵгɵ ашырылууда. Бүгүн биз мурдагыдай эле институттун адистери менен тыгыз иштешүүдɵбүз жана болочокто аны улантууга бекем ишенебиз», – деп белгиледи Родни Ступарек.

«Биз кɵптɵгɵн жылдар бою уланып келе жаткан компания менен институттун ортосунда бир катар тармактарда түзүлгɵн кызматташтык жана иштиктүү байланыштарга кубанычтабыз. Быйыл КГК бүтүрүүчү уландар менен кыздарды эки жылдык стажировка программасына тандап алууну пландаштырууда, анын алкактарында бүтүрүүчүлɵрдɵ ɵз билимдерин, идеяларын жана чыгармачылык потенциалын практикада жүзɵгɵ ашыруу мүмкүнчүлүгү болмокчу», – деп белгиледи персоналды окутуу жана ɵнүктүрүү бɵлүмүнүн кеӊешчиси Норман Бобосел.

«Мага Кыргыз Республикасында билим берүүнү ɵнүктүрүүдɵ бир максатта болгондугубузду кɵрүү жагымдуу. Мен “Кумтɵр” компаниясына биздин жардамдашуу ɵтүнүчүбүздү колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирем. Биз жогору квалификациялуу адистерди чыгарабыз жана алар ушундай ири ишканаларда керек болгону үчүн кубанычтамын», – деп белгиледи Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунун директору Акылбек Маралбаев.