«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери «Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялык борбор тарбиялануучуларынын спектаклин кɵрүштү

«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери «Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялык борбор тарбиялануучуларынын спектаклин кɵрүштү

Жарыяланган: 23 October 2017

2017-жылдын 20-октябрында «Кумтɵр» компаниясынын сатып алуулар жана логистика бɵлүм кызматкерлери «Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялык борборунда болуп, тарбиялануучулар өз күчү менен койгон «Манас» баатырдык эпосунан «Алмамбет» аттуу эң сонун, ич жылыткан, инклюзивдүү театралдык спектаклди кɵрүштү. Оюнга «Үмүт-Надежда» борбору жардам кɵрсɵтүкɵн бардык демɵɵрчүлɵрүн чакырган. Күмтɵрчүлɵр куру кол барбай, балдар үчүн түркүн таттуу азыктардан белектерди камдай барышкан.
Эске салсак, 2017-жылдын 10-июнунда «Кумтɵр» компаниясынын сатып алуулар жана логистика бɵлүмүнүн кызматкерлери ɵнɵктɵштɵрү менен бирдикте Бишкек шаарындагы «Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялык борборунда ишембилик ɵткɵрүшкɵн, ал эми борбордун өзүн компанияынын камкордугуна 2012-жылдан баштап алган. Ошол кезде, борбордун жетекчиси Нурайым Айткулова менен макулдашуу боюнча, короосу жыйналган – курчап турган темир коргону толук сырдалып, борбордун аймагы жалбырактар менен таштандыдан тазаланып, клумбалардын алкактары сырдалган, дарактар акиташ менен акталган. Жооп катарында «Үмүт-Надежда» борборунун жетекчилиги «Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлерм менен ɵнɵктɵштɵрүнүн дарегине ыраазычылык кат жана ал борбордун тарбиялануучулар тарабынан даярдалган театралдык оюнга чакыруу жɵнɵтүшкɵн.
«Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялык борбору 1989-жылы негизделген. Мында азыркы учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүктɵрү чектелген 30 бала жашап, окуп жана дарыланып жатат. Реабилитациялоонун адистештирилген программасы тарбиялануучуларга ɵзүн-ɵзү тейлɵɵ жана социалдык жүрүм-турум кɵндүмдɵрүнө, мектеп сабактарын жана эмгек көндүмдөрүн алууга мүмкүндүк берет. Балдар ар кандай шаардык сынактарга катышып, концерттерди беришет – ɵздɵрүнүн дени сак курдаштары катарында эле турмуш көрүшөт.