«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери жайлоодогу балдарды ɵнүктүрүүнүн кɵчмɵ борборунда болушту

«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери жайлоодогу балдарды ɵнүктүрүүнүн кɵчмɵ борборунда болушту

Жарыяланган: 03 August 2017

Ɵткɵн жекшембиде «Кумтɵр Голд Компани» кызматкерлери жана алардын балдары Ысык-Кɵл облусунун Жети-Ɵгүз районундагы Ак-Таш жайлоосунда балдарды ɵнүктүрүүнүн кɵчмɵ борборунда болушту.
Иш чарага даярдык бир нече ай мурда башталып, компаниянын кызматкерлери арасында мастер-класс ɵткɵрүү үчүн оюнчук чогултуу жарыяланган. Ынтымактуу командалык иш менен, кумтɵрчүлɵр балдарга чогултулган оюнчуктардан жана жылтырактардан кар шарын жасоого үйрɵтɵ алышты. Ал гана эмес, кызматкерлер борбордогу эӊ кенже балдардын күнүмдүк урунган тиричилик аспаптарын жана буюмдарын коопсуз пайдаланууна үйрɵнүүсү үчүн ɵнүктүрүүчү бизиборд жасашты.

Кызматкерлердин бири, балдарды сүрɵтчүлɵр колдонгон түркүн ыкмаларга үйрөтүп, живопистеги кɵндүмдɵрдү ɵнүктүрүү сабагын ɵттү. Каалоочуларга аквагрим тартып беришти жана балдар жакшы кɵрүшкɵн мультфильмдердин каармандарына айланышты. Ар бир балага компаниянын финансылык колдоосунда чыгарылган китеп белекке берилди. Аягында балдар оюн коюшту – ырларды окуп, кара жорго бийлешти.

Борборлор «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун долбоорунун алкагында иштешет. Үч жылдан бери компания Ысык-Кɵл областынын Тоӊ жана Жети-Ɵгүз райондорунда балдар борборлорун канцеляриялык товарлар жана китептер менен жабдууга жардам берди. Компаниянын кызматкерлири борборлор негизделгенден бери аларда болуп келүүдɵ жана КФ менен кызматташууну баштаган. Кумтɵрчүлɵр ар жылы ар кандай мастер-класстарды ɵткɵрүшɵт жана балдар үчүн оюндарды уюштурушат.

Маалымат үчүн: «Балдарды ɵнүктүрүү борборлору» долбоору жайында жайлоого чыккан малчылардын балдарына мектепке даярданууга мүмкүнчүлүк берет. Окутуучулар күнүнɵ үч сааттан сүйлɵɵ, эсептɵɵ жана башка зарыл кɵндүмдɵрдү ɵнүктүрүүчү сабактарды ɵтүшɵт. «Балдарды ɵнүктүрүү борборлору» билим алууга бирдей шарт берүүгɵ багытталган. Долбоор алыскы райондордо жайгашкан, жетүүгɵ кыйын, бийик тоолуу жайлоолорго басым жасайт. Кɵчмɵ борборлор мектепке чейинки курактагы балдарга базалык билим берүү үчүн зарыл бардык нерселер менен жабдылган. Алыскы жайлоолордо электр, оюн аянттары, китептер, компьютерлердин жана эӊ башкысы кесипкɵй мугалимдери бар окутуу борборлорунун жоктугунан, бакчаларга мектеп жашындагы балдар да барып жатышат. Ɵткɵн жылы «Жайлоодогу бала бакчалар» долбоору камтуусун кеӊейтип, эми ɵзүн «Балдарды ɵнүктүрүү борборлоруна» өзгөрдү.