«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери ден соолугунун мүмкүнчүлүктɵрү чектелген балдар үчүн Сокулук реабилитациялык борборуна жардам кɵрсɵтүштү

«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери ден соолугунун мүмкүнчүлүктɵрү чектелген балдар үчүн Сокулук реабилитациялык борборуна жардам кɵрсɵтүштү

Жарыяланган: 26 September 2016

2016-жылдын 23-сентябрында «Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери ден соолугунун мүмкүнчүлүктɵрү чектелген балдар үчүн Сокулук реабилитациялык борборунда кайрымдуулук акциясы менен болушту. Борбордун тарбиялануучуларына кумтɵрчүлɵр тарабынан чогултулган оюнчуктар жана кийимдер берилди. Буга чейин компанияда бул социалдык мекеме үчүн акча каражаттарын, оюнчуктарды жана кийимдерди чогултуу жүргɵн. Акциянын жыйынтыгы боюнча компаниянын Бишкек офисинин, Балыкчы ɵткɵɵл базасынын жана “Кумтɵр” кен ишканасынын кызматкерлери тарабынан 80 миӊ сомдон ашуун каражат чогултулган. Бул каражаттар борбордун администрациясынын ɵтүнүчү боюнча эӊ зарыл предметтерди жана материалдарды, атап айтканда, социалдык-эмгек терапеясы кабинети үчүн эмеректерди, окуу кабинеттеринин жана жашоочу бɵлмɵлɵрдүн ремонту үчүн зарыл курулуш материалдарын, ошондой эле жеке гигиена каражаттарын сатып алууга жумшалган.

Сокулук реабилитациялык борбору 2014-жылы мүмкүнчүлүктɵрү чектелген балдарды ɵз алдынча активдүү жашоого мүмкүн болушунча жакшы даярдоого кɵмɵктɵшүү үчүн тарбиялоонун жана окутуунун оптималдуу шарттарын камсыз кылуу максатында түзүлгɵн. Азыркы учурда анда 83 бала жашап жатат.

“Бизге ден соолугунун мүмкүнчүлүктɵрү чектелген балдарды ɵнүктүрүү жана реабилитациялоо үчүн жардам ɵтɵ керек. Кумтɵрчүлɵр берген жардам менен биз балдардын окуу жана жашоо шарттарын жакшырта алабыз”, – деп белгиледи реабилитациялык борбордун директору Айзада Исанова.

Мекеменин жетекчиги жана балдар бул кайрымдуулук акциясына катышкан “Кумтɵрдүн” кызматкерлерине чын пейилден ыраазычылык сɵздɵрүн айтышты.