«Кумтɵрдүн» кызматкерлери дене мүмкүнчүлүктɵрү чектелген балдардын үй-бүлɵлɵрүнɵ жардам берүү кайрымдуулук акциясын ɵткɵрүштү

«Кумтɵрдүн» кызматкерлери дене мүмкүнчүлүктɵрү чектелген балдардын үй-бүлɵлɵрүнɵ жардам берүү кайрымдуулук акциясын ɵткɵрүштү

Жарыяланган: 18 November 2015

2015-жылдын 11-ноябрында корпоративдик социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкактарында «Кумтɵр Голд Компанинин» тоо-кен-инженердик бɵлүмүнүн кызматкерлери жана жетекчилери, тоо-кен-ɵндүрүштүк бɵлүмүнүн, сууну чыгарып салуу жана экология кызматынын жетекчилери нормативдик базаны кармануу боюнча бɵлүмдүн менеджеринин кɵмɵгү менен дене мүмкүнчүлүктɵрү чектелген балдардын үй-бүлɵлɵрүнɵ жардам берүү маселеси менен алектенген «Алдыга кыймыл” коомдук уюмунун катышуусунда «Бишкек Парк» соода борборунда кайрымдуулук акциясын ɵткɵрүштү.

Балдардын жана алардын ата-энелеринин урматына, ошондой эле чакырылган коноктор үчүн «Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери «Елочка» жана «Балажан» балдар бий топторунун катышуусунда концерт уюштурушту. Концертте Кыргыз улуттук филармониясынын музыканты Нурбек Серкебаев элдик аспаптарда ойноду жана «Кумтɵрдүн» кызматкери Элдар Мамиевдин кызы Чолпонай Элдарова элдик бийлерди бийледи.
“Бишкек Парктын» администрациясы соода борборунун сценасы менен фойесин берип жана аудиоаппаратура менен камсыздап баа жеткис жардам кɵрсɵттү. Андан тышкары акцияны «Элим барсыӊбы? » кайрымдуулук фонду жана Кыргыз улуттук университетинен волонтер студенттер да колдошту. Концерттен кийин дене мүмкүнчүлүктɵрү чектелген балдар жана алардын-ата-энелери үчүн фуршет уюштурулду.

Каныбек Жумалиев кайрымдуулук акциясынын бардык катышуучуларынын атынан балдарга жана алардын ата-энелерине бакубаттуулук, чыдамдуулук, ɵлкɵбүзгɵ тынчтык жана бейпилдик каалады. Башкы белек катары ал «Алдыга кыймыл» уюмунун тɵрайымы Тахмина Асановага 120 000ден ашуун сом берди. Бул каражат бейɵкмɵт уюм ижарага алган жайга акы тɵлɵɵгɵ жана ɵзгɵчɵлɵнгɵн балдар менен иштɵɵ үчүн атайын жабдуу, окуу актериалдарын алууга жумшалмакчы. Ɵзгɵчɵ аз камсыз болгон үй-бүлɵлɵргɵ азык-түлүк топтомдору тапшырылды.

Кайрымдуулук акциясынын бардык катышуучуларынын ысымдарын атай кетели. Алар – Коршунов Сергей, Жумалиев Каныбек, Дүйшɵналиев Жолдош, Молдобеков Кубаныч, Мамиев Эльдар, Мокеев Тынчтык, Селедков Евгений, Зикиров Шавкат, Кабаев Манас, Турдукеев Мелис, Казыбеков Каныбек, Шабунин Андрей, Логвинов Дмитрий, Дүшɵмбиева Айнура, Чомокеев Алмаз, Колесников Сергей, Алиев Шабдан, Абдувалиев Айбек, Акунов Руслан, Алексеев Кирилл, Идрисов Канат жана Евсеева Елена.