Кумтɵрчүлɵр Кара-Балта шаарында кайрымдуулук акциясын ɵткɵрүштү

Кумтɵрчүлɵр Кара-Балта шаарында кайрымдуулук акциясын ɵткɵрүштү

Жарыяланган: 15 December 2015

2015-жылдын 12-декабрында «Кумтɵр» компаниясынын жооптуу кызматкерлери корпоративдик социалдык жоопкерчилик саясатынын алкагында Жайыл районунун Кызыл Жарым ай коомунун Кара-Балта шаарындагы Балдар кризистик борборуна жардам кɵрсɵтүштү.

Кара-Балтанын Балдар кризистик борборунда азыркы убакта 24 кароосуз калган бала жашайт. Кумтɵрчүлɵр Жаӊы жылдын алдында бул борбордун тарбиялануучулары үчүн 80 миӊден ашуун сом чогултушту. Бул каражатка азык-түлүк, жеке гигиена каражаттары, кийим-кече жана балдар үчүн эӊ кубанычтуусу – жаӊы жылдык белектер сатып алынып, бөбөктөргө тапшырылды.

Балдар бул камкордук үчүн зор ыраазычылыгын билдиришет. Кризистик борбордун кызматкерлери татаал турмуштук кырдаалга тушуккан тарбиялануучулары үчүн мындай акцияларды ɵткɵрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, себеби айланадагылардын кɵӊүл буруусу жана камкордугу жеткинчектердин жаркын келечекке үмүттɵнүп жашоосу үчүн өбөлгө эмеспи.

Кайрымдуулук акциясынын катышуучулары: Жумалиев Каныбек, Мокеев Тынчтык, Руспаев Нурадил, Абдыкеримов Азирет, Кулубаев Максат, Акматов Асан, Абсеметов Абай, Самаков Жумабек, Абдувалиев Айбек, Нишаев Тимур, Шабунин Андрей, Мамытов Эмил, Кубат улуу Дастан, Ганзи Олег, Гаврилова Марина, Майчакова Асел, Абдыгазиев Калысбек, Бакиров Жыргал, Чернышев Валентин, Жусупов Таалай, Сулайманов Юсуп, Тɵлɵбаев Нурбек, Султанбеков Самсалы, Жураев Садыгалы, Турдубаева Гүлмира, Дүйшɵмбиев Акылбек, Татыбеков Салават.

kara-balta1

kara-balta2

kara-balta3