Балыкчыда мини-футбол боюнча «Кумтөрдүн» кубогу болуп өттү

Балыкчыда мини-футбол боюнча «Кумтөрдүн» кубогу болуп өттү

Жарыяланган: 06 June 2014

Өткөн жекшембиде Балыкчыда биринчи жолу шаардын он мектебинин окуучулары арасында «Кумтөрдүн» кубогу ойнотулду. Иш чара Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоого жана курулушун «Кумтөр» компаниясы финансылаган мини-футболдук талаанын ачылышына тушталган.
Лидерлердин үчилтигине киришкен командалар белекке кубокторду, топторду жана командалардын бардык мүчөлөрүнө футболдук форма комплекттерин алышты. Мындан ары кубок мектеп окуучулары арасында ар жылы ойнотулары жана шаардын жаш балыкчылыктарды бириктирген жана футболдун өнүгүшүнө салымын кошкон салттуу спорттук окуясы болуп кала тургандыгы пландаштырылууда.

Жаңы мини-футбол талаасынын жалпы наркы дээрлик 2 миллион сомду түздү. Чечинүүчү жай жана душ кабиналары бар, алар оюнчуларды жыл бою ысык суу менен камсыз кылып турат жана күн батареяларынын жардамы менен иштейт. Бул талаа чынында эле Ысык-Көл областындагы мындай жалгыз талаа болуп калды.

Мини-футболдук талаа Балыкчы шаарынын балансына өтмөкчү. Ижара акысы рыноктогудан алда канча төмөн болот жана бардык түшкөн каражаттар аны кармап турууга жана кайтарууга жумшалат.