«Кумтɵр» компаниясынын «Учкун» кеңсесиндеги транспорт бɵлүмү Красная Речка атайын мектеп-интернатына жардам кɵрсɵттү

«Кумтɵр» компаниясынын «Учкун» кеңсесиндеги транспорт бɵлүмү Красная Речка атайын мектеп-интернатына жардам кɵрсɵттү

Жарыяланган: 03 June 2016

«Кумтɵр» компаниясынын «Учкун» кеңсесинин транспорт жана администрация бɵлүмдөрүнүн кызматкерлери Красная Речка атайын мектеп-интернатына тарбиялануучуларын Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттукттап барышты.

Акциянын уюштуруучулары даректүү жардам берүү үчүн ал мекемеге алдын-ала барып кандай жардам керектигин аныкташкан. Эске сала кетсек, былтыр «Кумтɵр» компаниясынын «Учкун» кеңсесинин финансы бɵлүмү да Красная Речка атайын мектеп-интернатына 4 скамейка жана тарбиялануучуларга жаңы жылдык белек тапшырган. Бул жолу транспорт бɵлүмүнүн кызматкерлери чогултулган каражатка балдарга алдыдагы сезон үчүн сууга түшүүчү кийим-кечек ошондой эле таттуулар менен суусундуктарды сатып алышкан.

Красная Речка атайын мектеп-интернатында 7 жаштан 16 жашка чейинки куракта 129 бала (43 кыз, 86 бала) тарбияланып, алардын 50сү – жетимдер, 20 баланын саламаттыгы начар. Келечекте «Учкун» кеңсесинин транспорт бɵлүмү интернатты шефке алууну жана туруктуу негизде жардам берүүнү пландаштырууда.

krasnaya_rechka_charity_03.06 (1)

krasnaya_rechka_charity_03.06 (2)