«Кумтɵр» жаштар уюму менен бирдикте Балыкчы шаарынын эки пляжында ишембилик ɵткɵрдү

«Кумтɵр» жаштар уюму менен бирдикте Балыкчы шаарынын эки пляжында ишембилик ɵткɵрдү

Жарыяланган: 25 May 2015

2015-жылдын 25-майында Балыкчы шаарында “Саламатсыӊбы, жай” акциясынын алкагында шаардын эки коомдук пляжында ишембилик болду. Акция «Кумтɵр Голд Компани», «Поколение NEXT» жаштар уюмуну, Балыкчы шаардык муниципалитеттин жаштар уюмуну, жергиликтүү мектеп окуучулары жана компаниянын кызматкерлеринин биргелешкен аракети менен ɵткɵрүлдү.
Акцияга 200дɵй адам катышты. Мектеп окуучулары, компаниянын кызматкерлери жана шаар мэриясынын ɵкүлдɵрү бир жүк ташуучу машина толо таштанды жыйнашты. Акциянын алкагында балдар флешмоб уюштуруп, эӊ активдүүлɵр компаниядан байгелерди жана белектерди – ыраазычылык каттарды, китептерди жана ар кандай канцелярдык буюмдарды алышты.

Пляжды тазалагандан кийин бардык катышуучулар үчүн пикник уюштурулду. Бейформал кырдаалда мугалимдер жана окуучулар ишкананын ишмердүүлүгү, компаниянын пландары, ошондой эле жаштар демилгелерин колдоого багытталган долбоорлор жɵнүндɵ кызыктырган суроолорго жооп алышты.

«Балыкчы мэриясы үчүн шаардын аймагында ишмердүүлүк кылган компаниялардын ɵкүлдɵрү менен ɵнɵктɵштүк мамилелер ɵтɵ маанилүү. Биз шаарыбызды ɵнүктүрүүгɵ жана жакшыртууга багытталган акцияларды колдоого дайыма кубанычтабыз. “Кумтɵр” компаниясы кɵптɵгɵн жылдар бою шаардыктарга колдоо кɵрсɵтүп келгенине жана бул жолу да биргелешкен ишембиликтин демилгечиси болуу менен муниципалдык пляждарга кам кɵргɵндүгүнɵ кубанычтабыз”, – деп белгиледи Балыкчы шаарынын социалдык сектор боюнча вице-мэри Бегаим Алгожоева.