Кумтөр кооптуу эмес жүктөрдү ташуу кызматтарына баа сунуштарын кабыл алууну жарыялайт

Кумтөр кооптуу эмес жүктөрдү ташуу кызматтарына баа сунуштарын кабыл алууну жарыялайт

Жарыяланган: 16 January 2015

ТЕНДЕР ЖАБЫК

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу, 2015-ж. 15 февралынан декабрдын аягына чейинки мөөнөт үчүн, Балыкчы шаарынан Кумтөр кен жайына кооптуу болбогон жүктөрдү ташуу кызматтары үчүн баа сунуштарды кабыл алуу жөнүндө жарыялайт, жана кызыккан транспорттук ишканаларды жана өзүнө таандык жүк ташуучу унаалар паркы болгон жеке ишкерлерди техникалык жана коммперциялык сунуштарын Тандоо комиссиясынын төрагасы наамына оозу чапталган жана «Жүктөрдү ташуу» деген жазуусу болгон А-4 конвертте 2015-ж. 30-январь саат 17:00 кеч эмес, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24 дарегиндеги «Учкун» АКнун имаратынын 14-кабатына тапшырууга чакырат.

Жүк ташууларга коюлган талаптар:


• Ташуу тартиби: күнүнө орточо 3 сапар, алардын ичинде жүктөрдү 1 даана 40-тонналык жана 2 даана 20 тонналык контейнерлерде (контейнерди кошо алганда орточо салмагы 18 тоннадан 25 тоннага чейин түзөт) ташуу үчүн жарым прицеп унаалар. Андан тышкары түтүктөрдү, болот арматураларды, жана башка узун жүктөрдү (орточо салмагы – 12т түзөт) ташуу үчүн эки жагында түртүктөрү болгон платформа талап кылынат.
• Жол узундугу 250км түзүп, анын 170 км жалпы колдонуудагы трассалык жол жана калган 80 км тоо жолу болот; жолдун барып-келүү узундугу – 500 км.
• Дөңгөлөк формуласы 4 X 6 болгон жүк ташуучу унааларга артыкчылык берилет.
• Коопсуздук техникасына жана үзгүлтүксүз жакшыртууга ар дайым маани берүү (техникалык кароолор жана убагында техникалык тейлөө, медициналык жана жолго чыгуунун алдында кароолор, жүктөрдү коштоочу унааларды камсыздоо, кабиналарга коопсуздук жабдууларын орнотуу, коопсуздук боюнча чогулуштарды, окутуу курстарын өткөрүү) талап кылынат.
• Бардык маселелерди өз күчү менен чечүү: эшиктен-эшике чейин жүк жеткирүү, техникалык тейлөө, оңдоо, күйүчү майды куюу, унааларды токтотуу жерлерин жана аларды коргоону уюштуруу, жүктөрдү туура жүктөө жана жүктүн салмагы менен көлөмүн контролдоо, айдоочуларды тамактандыруу, ж.б.

Баа сунушуна коюлган талаптар:


Сунуштар төмөндөгү маалыматтарды чагылдырышы абзел:
– Мекеме жөнүндө негизги маалымат (каттоо күбөлүгүнүн, уставынын, алынган лицензия жана уруксаттардын көчүрмөлөрү, салык төлөчүү жөнүндөгү маалыматтар, аткарылган жумуштардын кыскача баяндамасы менен мурдагы партнерлор жөнүндөгү маалымат, жолдомо каттар, ж.б.);
– Сунуш кылынган жүк ташуучу унаалар жөнүндөгү маалымат: типтери, сандары, жасалган жылдары, өткөрүлгөн тейлөөлөр жөнүндө маалыматтар;
– Мекеменин башкы кеңсеси, негизги жана регионалдык базалары жөнүндө маалымат;
– «Бардыгы камтылган» принциби боюнча эсептелген бир рейс үчүн баа сунушу (бардык салыктарды жана чегерүүлөрдү, жабдуулардын наркын жоготуусун, кошумча чыгымдарды, отунду, суткалык төлөмдөрду ж.б.):
– Балыкчыдан – Кумтөр кен жайына (бош кайтат);
– Кумтөр кен жайынан – Балыкчыга (керек болгондо гана бош 20 жана 40 тонналык контейнерлерди жүктөп кайтат);
– Кумтөр кен жайынан – Балыкчыга (керек болгондо гана жүктөрдү ташып кайтат);
– Тажрыйбаларынын баяндоосу менен катардагы жумушчулар жана негизги жетекчилер жөнүндө маалымат;
– Талапкер керектүү жана пайдалуу деп эсептеген кошумча шарттар.

Бардык талапкерлер, тандоо процедурасына өз каалосу менен жана өз каражатын колдонуп катышат, жана бул процедуранын шарттарына макулдугун берет. Конкурска катышуу максатында талапкерлер тарабынан жасалган чыгымдарды кайра кайтарып берүү арыздары ишкана тарабынан каралбайт. Тоо-кен жайына таанышуу сапарлары өткөрүлбөйт. Кошумча маалымат жана түшүндүрмөлөр үчүн kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук почта дарегине кайрылыңыздар.

КГК ишканасы тапшырылган сунушту толугу менен же кандайдыр бир бөлүгүн гана кабыл алууга жана да бир же андан көп талапкер менен келишим түзүүгө укугун сактайт. КГК ишканасы тандалган эң мыкты талапкерлерге гана кабар берет.