«Кумтөр» компаниясы кен ишканасында руданын төгүндүлөрүнүн кыймылы жөнүндө билдирет

«Кумтөр» компаниясы кен ишканасында руданын төгүндүлөрүнүн кыймылы жөнүндө билдирет

Жарыяланган: 02 May 2013

Kumtor Operating CompanyКомпания, күтүлгөндөй эле, “Кумтөр” кен ишканасынын Чоң-Сарытөр дарыясынын өзөнүндөгү участогунда бош тектин төгүндүлөрүнүн кыймылы байкалгандыгы жөнүндө билдирет. Бул кыймыл кыргыз бийликтерине берилген кен ишканасынын инфраструктурасын кеңейтүү боюнча бекитилген планында каралган. Бош тектин төгүндүлөрүнүн кыймылы акыркы мезгилде тездеген жана бош тек кен ишканасынын төгүндүлөрүнөн төмөн жайгашкан мастерскойлорго жана административдик объектилерге мурда пландаштырылгандан эрте түздөн-түз таасир эте баштоосуна алып келген.

Компания операциялык ишмердүүлүктүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн инфраструктураны кеңейтүү жана орунун которуу боюнча пландаштырылган долбоорду жүзөгө ашырууну тездетти. Кызматкерлер жаңы объектилердин курулушу аяктаганга чейин убактылуу иш орундарына которулду. Бош тектин төгүндүлөрүнүн кыймылы иштөөчүлөрдүн коопсуздугуна таасир эткен жок.

Компания аракеттеги уруксаттарды жана мыйзамдардын үзгүлтүксүз сакталышын камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын жөнгө салуучу органдары менен кызматташууну улантууда.